Кытайда 4 айлык тыныгуудан кийин кинотеатрлардын иштөөсүнө уруксат берилди

Кытайда 4 айлык тыныгуудан кийин кинотеатрлардын иштөөсүнө уруксат берилди. Коронавирустан улам аталган өлкөдө тургундар киного январда эле барбай калган.

 

Эми алар санитардык талаптарды аткаруу менен иштей берсе болот. Көрүүчүлөрдүн аралыкты сактоосуна шарт түзүлүп, улам дезинфекция жүргүзүп туруу керек болот.