Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылында заманбап оорукана курулат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Медициналык жай 2 кабаттан туруп, 20 орунга ылайыкташтырылат. Имараттын курулушуна республикалык бюджеттен каражат бөлүнгөн.