Шайлоодо үгүтчүлөрдүн санын кыскартуу боюнча мыйзам коомдук талкууга чыкты

Шайлоодо үгүтчүлөрдүн санын кыскартуу боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга чыкты. Анда президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталган.

 

Азыркы мыйзамга ылайык, президенттикке талапкер жана анын саясий партиясы 10 миңге чейин үгүтчү жалдоого, ал эми бир мандаттуу округдардан ат салышкандар 500гө чейин үгүтчү колдонууга болот.

 

Жаңы документ боюнча саясий партиялардын үгүтчүлөрүнүн санын 5 миңге азайтып, бир мандаттуу округдан чыккан талапкерге 100гө чейин гана үгүтчү алуу сунушталууда.