Кыргыз-өзбек чек арасында жер титиреди

Кыргыз-өзбек чек арасында очогунда төрт баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, силкинүү саат 12:44тө катталган. Жер титирөө Аксы районунун Жерге-Тал, Кызыл-Капчыгай айылдарында 4 балл, Боспиек, Күлүк-Дөбө, Мукур айылдарында 3,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок… Кененирээк…

Кыргыз-казак чек арасында жер титиреди

Бүгүн саат 10:12де Кыргызстан менен Казакстандын чектешкен жеринде магнитудасы 4,7ге жеткен жер титирөө катталганын Сейсмология институту билдирди. Маалыматта силкинүүнүн очогу Каракол шаарынан 75 чакырым алыстыкта жайгашканы айтылат. Кызыл-Жар, Жыргалаң, Ак-Булуң айылдарында жер титирөө 3 баллга чейин сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.

Баткенде сел жүрдү

Баткенде сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, кечээ нөшөрлөп жааган жаандан кийин Сүлүктү шаарынын көчөлөрүн, Андарак жана Көк-Таш айылдарын суу каптады.   Жеринде 26 куткаруучу жана атайын техника тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Сузакта балдарды коюп кеткен машиненин айдоочусу кармалды

2-майда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда «Манас» айтуу иш-чарасы учурунда окуучуларды коюп кеткен «Хундай-Портер» үлгүсүндөгү машиненин айдоочусу, 48 жаштагы жергиликтүү тургун Ж.Б. кармалды. Бул факты боюнча Сузак райондук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 2-бөлүмү (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен кылмыш ишин козгоду.… Кененирээк…

Селден улам Сузак районунда дагы өзгөчө кырдаал режими жарыяланды

Селден улам Сузак районунда дагы өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, нөшөрлөп жааган жаан-чачындан кийин Барпы, Кызыл-Туу, Сузак айыл өкмөттөрүндө турак-жайлардын короолорун суу каптады.   Андан тышкары, Көк-Арт дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, бир топ аймактарга кооптуу абал жаралды.  Жерине атайын инженердик… Кененирээк…

Чүй облусунун айрым райондорунда дагы сел жүрдү

Чүй облусунун айрым райондорунда дагы сел жүрдү.   Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, нөшөрлөп жааган жаандан кийин сел Онбир-Жылга, Жаңы-Жол жана Ак-Бешим айылдарында жүрүп, Бурана дарыясынын жээктерин суу жеп кетти. Калк арасында жабыркагандар жок. Учурда аймакта абал көзөмөл алдында. Табигый кырсыктын кесепетин жоюу иштери жүрүүдө.  … Кененирээк…

Ошто чагылган тийген улан ооруканада көз жумду

Ош облусунун Кара-Суу районунда 17 жаштагы улан чагылган тийип көз жумганын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов билдирди.   Кырсык 21-апрель күнү кечинде болгон. Баш-Булак айылында 17 жаштагы жергиликтүү тургунга талаадан чагылган тийип, Ош облустук ооруканага жеткирилген. Тилекке каршы, ал ошол эле күнү жандандыруу… Кененирээк…

Ош облусунда суу каптаган короо-жайлардын саны 100гө жетти

Ош облусунда суу каптаган короо-жайлардын саны 100гө жетти. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, нөшөрлөгөн жаандан кийин Кара-Кулжа, Алай, Ноокат жана Кара-Суу райондорунда сел жүргөн.   Жыйынтыгында 10 унааны суу агызып, 1 адам каза тапты. Облуста өзгөчө кырдаал режими жарыяланып, жеринде куткаруучулар тарабынан калыбына келтирүү иштери жүрүп… Кененирээк…

Бишкекте массалык уулануу катталып, 39 адам медициналык мекемелерге кайрылды

Бишкекте массалык уулануу катталып, 39 адам медициналык мекемелерге кайрылды. Санэпидем көзөмөл борборунун маалыматына ылайык, ордо калаадагы Сухэ-Батор көчөсүндө жайгашкан ресторанда 15-18-апрелде той болгон.   Дүйшөмбүдөгү коноктордон 27, бейшембидеги меймандардан 12 адам ооруканага кайрылган. Массалык уулануунун себептерин аныктоо максатында плансыз текшерүү жүргүзүлүп, лабораториядан текшерүү үчүн тамак-аштан,… Кененирээк…

Жалал-Абадда нөшөрлөгөн жаандан улам турак жайлардын короосун жана ички жолдорду суу каптоодо

Жалал-Абадда нөшөрлөгөн жаандан улам турак жайлардын короосун жана ички жолдорду суу каптоодо. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, учурда аймакта катуу жаан жаап, анын кесепетинен шаарда жайгашкан ички арыктарга суу толуп, турак жайлардын короолорун жана көп кабаттуу үйлөрдүн жертөлөсүн суу каптап жатат.… Кененирээк…