Чек арадагы мектепте окуу башталды

Бул тууралуу “Азаттыкка”  Көк-Таш айылындагы Шайдулла Ганы орто мектебинин директору Канатбек Боронов билдирди. Маалыматка ылайык, 08:30дан баштап бардык предметтер боюнча окуу башталды. Чек ара айылындагы Шайдулла Ганы мектебинде 204 окуучу окуйт. Эки кабаттуу мектеп 2018-жылы октябрь айында пайдаланууга берилген. Мектептин эски имараты балдар бакчасына өткөн.… Кененирээк…

Баткендин Көк-Таш айлында мектепке жайгаштырылгандар үйлөрүнө кайтты

Баткендин Көк-Таш айлында мектепке жайгаштырылгандар үйлөрүнө кайтты.  “Азаттык” билдиргендей, 254 адам үйлөрүнө тарады.  Бүгүн мектепте окуу процесси башталат. Эске салсак, 10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында жаңжал катталып, кыргыз тарапка ок атылган.   Көк-Таш айылынын тургундары коопсуз жайга чыгарылып, айылдагы мектепке жайгаштырылган. Алардын көпчүлүгү жаш… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасын эки өлкөнүн укук коргоочулары чогуу кайтарып жатышат

Кыргыз-тажик чек арасын эки өлкөнүн укук коргоочулары чогуу кайтарып жатышат. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан билдиришти. Мындай иш кечээ кечинде башталды. Милициянын маалыматына ылайык, учурда кырдаал туруктуу. Эске салсак, кечээ түнү кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыгып, туш келди ок атылганы кабарланган. Мындан улам Баткен районунун… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу

Кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Андан белгилешкендей, Баткен облусунда жайгашкан чек ара бекеттери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат.   Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги өткөрүү жайлары штаттык режимде иш алып барууда. Эске салсак, бүгүн түнү кыргыз-тажик чек… Кененирээк…

Баткен милициясы кыргыз-тажик чек арасында жашаган элди коопсуз аймакка чыгарды

Баткен милициясы кыргыз-тажик чек арасында жашаган элди коопсуз аймакка чыгарды. “Азаттыкка” облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Көк-Таш айылынын тургундары мектеп имаратына жайгаштырылды.   Көчө-Карын аймагында кыргызстандыктын унаасы талкалангандыгы боюнча факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү башталды. Учурда Ош-Баткен-Исфана унаа жолу… Кененирээк…

Кыргыз-казак чегиндеги “Ак-Жол” өткөрүү бекетинин курулушу январдын соңунда башталат

Кыргыз-казак чегиндеги “Ак-Жол” өткөрүү бекетинин курулушу январдын соңунда башталат. Бул тууралуу премьер-министр  Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди. Анын айтымында, оңдоо иштери жүрүп жаткан маалда мамлекеттик чек арадан жөө өткөндөр үчүн убактылуу көпүрө куруу мүмкүнчүлүгүн караштыруу керек.   Транспорт үчүн чек ара жабык болуп, башка чек ара бекеттери… Кененирээк…

Мамлекеттик чек ара кызматы “Ак-Жол унаа жолу” түйүнү жабыла турганын эскертип, альтернативалык варианттарды сунуштайт

Мамлекеттик чек ара кызматы “Ак-Жол унаа жолу” түйүнү жабыла турганын эскертип, альтернативалык варианттарды сунуштайт. Ведомстводон белгилешкендей,  аталган өткөрүү пункту 2020-жылдын январында кайра калыбына келтирүү иштерине жабылат.   Жарандар коңшу Казакстанга “Ак-Тилек”, “Токмок унаа жолу”, “Кең-Булуң унаа жолу”, “Кайыңды темир жолу” жана “Чалдыбар унаа жолу” түйүндөрү… Кененирээк…

Кыргызстан кыргыз-тажик чек арасында талаш жерлерди тактап алмашууга даяр

Кыргызстан кыргыз-тажик чек арасында талаш жерлерди тактап алмашууга даяр. Тажик тарап азырынча бул жаатта кадам таштай элек. Бул тууралуу учурда өтүп жаткан жыйынтыктоочу жыйында президент Сооронбай Жээнбеков билдирди. Ал белгилегендей, эки өлкөнүн ч ек-арасы боюнча сүйлөшүүлөр президенттердин жана премьер-министрлердин деңгээлинде  жүрүп жатат. Белгилеп кетсек, Кыргызстан… Кененирээк…

Мамлекеттик чек араны коргоо күчөтүлүүдө

Мамлекеттик чек араны коргоо күчөтүлүүдө. Быйыл 11 чек ара түйүнү калыбына келтирилди. Бул тууралуу ушул мүнөттөрдө Ала-Арча резиденциясында өтүп жаткан жыл жыйынтыгында президент Сооронбай Жээнбеков билдирди. Өлкө башчы белгилегендей, Россия тарабынан аскерий-техникалык колдоо көрсөтүүсү дагы чек-араны коргоо ишине жакшы мүмкүнчүлүк берет. Кошумчаласак, Россия кыргызстандын куралдуу… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу

Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу. Эки өлкөнүн тийиштүү өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Учурга карата кыргыз-тажик чек арасынын такталбаган тилкесине эки өлкөнүн тургундары мыйзамсыз орнотуп алган дарбаза, тосмолор алынды.   Эске салсак, 18-декабрда Баткен районунун Көк-Таш айылында чек арада чыккан… Кененирээк…