ытайдан тарап жаткан коронавирустун белгилери айтылды

Кытайдан тарап жаткан коронавирустун жаңы түрү алгачкы этабында дене табынын көтөрүлүшү жана жөтөл менен коштолот. Мындай маалыматты Ухань шаарынын саламаттыкты сактоо комитети жарыялады. Декабрдын аягында аталган шаардын Хубей провинциясында белгисиз пневмониянын учуру катталды. Эксперттер болжолдуу түрдө оорунун себептери коронавирустун жаңы түрү экендигин айтышууда. 11-январга карата… Кененирээк…

Кыргызстандын дагы төрт ооруканасында акысыз гемодиализ кызматы киргизилди

Кыргызстандын дагы төрт ооруканасында акысыз гемодиализ кызматы киргизилди. Препаратка болгон чыгашаларды Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жабат. Кеп, Нарын, Талас, Каракол жана Балыкчы шаарларынын ооруканалары тууралуу болуп жатат.   Бул жерде бөйрөк жетишсиздиги менен жабыркап келгендер гемодиализ кызматтарын акысыз ала алат. Белгилеп кетсек, ушул жылдын 1-январына… Кененирээк…

Кыргызстанда курч респиратордук вирустарга кабылуу учурлары көбөйүүдө

Кыргызстанда курч респиратордук вирустарга кабылуу учурлары көбөйүүдө. Эки күндө эле Республикалык инфекциялык ооруканага 822 адам кайрылды. Алардын 165и жаткырылды. Көбүндө курч респиратордук вирустар катталды. учурда медициналык жайда 468 адам дарыланууда.   Буга байланыштуу, медиктер зарыл болгон учурда үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна кайрылууга чакырат. Инфекциялык ооруканага алар… Кененирээк…

1 айдын ичинде шаардык сынык бөлүмүнө 300гө жакын киши кайрылды

1 айдын ичинде шаардык сынык бөлүмүнө 300гө жакын киши кайрылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирет. Ага ылайык, кайрылгандардын көбү түрдүү сыныктардан жабыр тарткандар. Министрлик кар жаап, көчөлөр тайгак болгондуктан жарандарды этият болууга чакырат. Ошондой эле бул күндөрү ыңгайлуу бут кийим кийүү зарыл.

Кыргызстанда курч респиратордук вирустарга кабылгандардын саны өсүүдө

Кыргызстанда курч респиратордук вирустарга кабылгандардын саны өсүүдө. Бирок эпидемиологиялык абал туруктуу, — дешти Саламаттыкты сактоо министрлигинен. Маалыматка ылайык, 16-23-декабрь аралыгында ооруканага кайрылгандардын саны өткөн жумага салыштырмалуу, 24 пайызга көбөйдү.   Алардын басымдуусу жаш балдар. Окуучулар арасында сасык тумоого кабылуу туруктуу көрсөткүчтө. Андыктан, мектептерди жана бала… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасында жаңжалда жабыркагандардын абалы канааттандыраарлык

Кыргыз-тажик чек арасында жаңжалда жабыркагандардын абалы канааттандыраарлык. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Жараат алгандардын бири Травматология жана ортопедия борборуна которулган.   Бүгүн ага операция жасалды. Эске салсак, 18-декабрда Баткен районунун Көк-Таш айылында чек арада чыккан жаңжалда Ички иштер министрлигинин бир кызматкерине жана Баткендин Самаркандек… Кененирээк…

Уйкунун бузулушуна алып келген азыктар аталды

Уйкунун бузулушуна алып келген азыктар аталды. Кумшекер, ак нан жана күрүч сыяктуу азыктар уйкусуздукка алып келет. Мындай чечимге Колумбия университетинин изилдөөчүлөрү келди. Адистер белгилегендей, организм кандагы канттын көлөмүн азайтуу үчүн инсулинди бөлүп чыгарат. Инсулин гормондордун анын ичинен кортизол жана адреналиндин пайда болушун шарттайт. Мындай учурда… Кененирээк…

Жумуш учурунда респиратордук вирусту жуктуруп албоонун жолу белгилүү болду

Жумуш учурунда респиратордук вирусту жуктуруп албоонун жолу белгилүү болду. Инфекция столдун үстүндө, эшиктин туткасында, лифттин баскычтарында, калем саптарда болот. Организм оору менен күрөшүп жатканда адам чүчкүрүп, жөтөлүп, алсырап, чыйрыгат. Оорунун ушул белгилери кетмейинче ишке баруунун кажети жок. Эгер жумуш күндү үзгүлтүккө учуратпоо керек болсо, медициналык… Кененирээк…

Кийинки жылдын июль айынан баштап дары-дармектерге маркировка киргизилет

Кийинки жылдын июль айынан баштап дары-дармектерге маркировка киргизилет. Бул тууралуу вице премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирди. Анын айтымында, мындай система сырттан алынып келинген препараттарды көзөмөлдөөгө жардам берет. Анын ичинде, колдонуу мөөнөтүү, кайсы медициналык мекемеден келгендиги такталып, ар бири белгилөөдөн өтөт. Мындан тышкары системаны көзөмөлдөөчү Улуттук базанын… Кененирээк…

Кыргызстанга Россия кызамыкка каршы 100 миң доза вакцина тапшырат

Кыргызстанга Россия кызамыкка каршы 100 миң доза вакцина тапшырат. Бул тууралуу Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо федералдык кызматынын жетекчиси Анна Попова РИА Новостиге билдирди.   Анын айтымында, препарат жакынкы арада жиберилет. Медициналык колдоо Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында санитардык-эпидемиологиялык абалды жакшыртууга багытталат. Эске салсак, Кыргызстанда кызамык массалык түрдө… Кененирээк…