ЕАЭС аймагында 100 миң доллардан ашык каражат ташып жүрүүдө акча тууралуу маалымат болушу шарт

ЕАЭС аймагында 100 миң доллардан ашык каражат ташып жүрүүдө, акчанын кайдан пайда болгондугу тууралуу маалымат болушу керек. Бажы кызматынан билдиришкендей, норма ушул жылдын 4-февралында күчүнө кирет. Тиешелүү документ Евразия экономикалык жыйынында кабыл алынды. Бажы кызматынан белгилешкендей, катталган сумма тууралуу маалымат берилбесе, ЕАЭС аймагына каражат кое… Кененирээк…

Жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети ушул жылы 20 аукцион өткөрүү ниетинде

Өнөр жай жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети ушул жылы 20 аукцион өткөрүү ниетинде. Алар — Кадамжайдагы сурма, Ноокаттагы гипс кендери. Ошондой эле Туюк-Каргаша, Тегене жана Сүлүктү “Поле 11” көмүр кендери. Жыл сайын аталган комитет кен байлык объектисине укук берүүчү лицензия алууга аукцион уюштурат. Мекеменин… Кененирээк…

Ош шаарынын бюджети 195 миллион сомго көбөйөт

Ош шаарынын бюджети 195 миллион сомго көбөйөт. Бул тууралуу  аталган шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка караганда, 2020-жылга жергиликтүү бюджетти 1 миллиард 322 миллион сомго бекитүү сунушталууда. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 195 миллион сомго көп. Билдирүүгө ылайык, мэр Таалайбек Сарыбашов тиешелүү кызматтарга жергиликтүү бюджеттин… Кененирээк…

Улуттук банкта маалыматтарды иштеп чыгуу борбору ишке кирди

Улуттук банкта маалыматтарды иштеп чыгуу борбору ишке кирди. Аталган банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов “Дата борбору” Орто Азиядагы жалгыз борбор экенин билдирди. Анын айтымында, жаңычылдык төлөмдөр жана соода системаларынын, мамлекеттер аралык төлөмдөр жана эсептешүүлөр үчүн иштелип чыкты. Мындан тышкары, электрондук документ жүгүртүү, «Түндүк» ведомстволор аралык өз… Кененирээк…

Түндүк — Түштүк трассасы 2021-жылдын жайында ишке берилет

Түндүк — Түштүк трассасы 2021-жылдын жайында ишке берилет. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министринин орун басары Бакыт Бердалиев билдирди. Анын айтымында, Балыкчы менен Жалал-Абадды байланыштыруучу альтернативалык магистралдын курулушу 2014-жылы башталган. Анын узундугу 433 чакырымды түзөт. Көк-Арт ашуусунда 3 мин 890 метрлик тоннель курулуп, ал  Фергана… Кененирээк…

Өтүп кеткен жылы өлкөдө 244 объектти куруу жана оңдоо каржыланды

Өтүп кеткен жылы өлкөдө 244 объектти куруу жана оңдоо каржыланды. Каржы министрлигинен билдиришкендей, бул максатта мамлекеттик бюджеттен 409,5 миллион сом бөлүнгөн. Эң эле көп долбоор Жалал-Абад облусунда ишке ашты, андан кийин Чүй облусу турса, Ысык-Көл үчүнчүдө.   Гранттардын эсебинен  79 мектеп, 47 инженердик объект жана… Кененирээк…

Былтыр Мамлекеттик салык кызматы төлөмдөрдөн 84 миллиард сом чогултту

Былтыр Мамлекеттик салык кызматы төлөмдөрдөн 84 миллиард сом чогултту. Белгиленген план 100 пайызга же 11 миллион сомго ашыгы менен аткарылганын ведомствонун басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка караганда, салыктын кээ бир түрлөрү боюнча план ашыгы менен аткарылган. Алсак, алтын өндүрүүчү компаниялардын кирешелерине, бирдиктүү, жер, кыймылсыз жана… Кененирээк…

Кыргызстанга болгон акчалай которуулар кескин түрдө азайды

Кыргызстанга болгон акчалай которуулар кескин түрдө азайды. Улуттук банктын маалыматына ылайык, өткөн жылдын январь айынан ноябрына чейин республикага 2 миллиард 192 миллион доллар которулду.   2018-жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу, бул 287 миллион долларга аз. Мурдагыдай эле, Кыргызстанга каражаттын басымдуу бөлүгү Россиядан которулат, экинчи… Кененирээк…

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду ишкерлерди каржылоо суммасын 150 миллион долларга чейин жеткирүү ниетинде

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду ишкерлерди каржылоо суммасын 150 миллион долларга чейин жеткирүү ниетинде. Бул тууралуу фонддун башкаруучулугунун төрагасы Эркин Асрандиев билдирди.   Маалыматка ылайык, банктардын бирине узак мөөнөттүү насыяга деп 15 миллион доллар берилет. Ошондой эле долбоорлорду каржылоого башка банктар аркылуу 90 миллион доллар бөлүнөт. Артыкчылык… Кененирээк…

Кыргызстандын мамлекеттик тышкы карызы 4 миллиард 503 миллион сомду түздү

Кыргызстандын мамлекеттик тышкы карызы 4 миллиард 503 миллион сомду түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ноябрына карата экендигин Каржы министрлиги билдирет. Маалыматка караганда, бир айда карыз төлөмдөрү 27 миллионго азайды. Барынан көп, тагыраагы 1,5 миллиард доллардан ашыгы кытайдын Эксим банкынын алдында. Карызды чегерүүдө өлкөнүн жарандарынын 3… Кененирээк…