Талас облусу таза суу менен камсыз болот

Талас облусу таза суу менен камсыз болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кыргызстан менен Сауд Аравия фондунун ортосундагы долбоор боюнча жана Талас облусундагы 146 миң адам таза суу менен камсыз болуусу күтүлүүдө. Келишимдин алкагында долбоорду ишке ашыруу багытында 25 жылдык мөөнөткө… Кененирээк…

Кыргызстанда эттин эң жогорку баасы 357 сомдон сатылууда

Кыргызстанда эттин эң жогорку баасы 357 сомдон сатылууда. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет. Маалыматка караганда, уй этин кымбат баада саткан шаарлардын сап башына Бишкек чыкты. Борбор калаада бир килограммы 387 сом болду. Ал эми республика боюнча эң төмөнкү баа Таласта, бул жерде 300 сомдон… Кененирээк…

Чет өлкөдө иштеп жүргөн кыргызстандыктар октябрь айында республикага 220 миллион доллар которушту

Чет өлкөдө иштеп жүргөн кыргызстандыктар октябрь айында республикага 220 миллион доллар которушту. Улуттук банктан билдиришкендей, бул сумма өткөн айга салыштырмалуу 10 жарым миллионго көп. Жалпысынан ушул жылы январдан октябрга чейин 2 миллиард 800 миң доллар каражат которулду. Ал эми 2018-жылкы сумма мындан бир кыйла көп… Кененирээк…

Кийинки жылы машыктыруучулардын айлыгы көбөйөт

Кийинки жылы машыктыруучулардын айлыгы көбөйөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов бирдирди. Анын айтымында, 163 миллион сом өздүк бюджеттен каралууда. Маянаны жогорулатуу спорттук мектептердин окутуучулары жана машыктыруучуларына тиешелүү болот. Белгилеп кетсек, бул максатта ушул жылы 109 миллион сом жумшалды.

Мамлекеттик ипотекалык компания иштеп баштагандан тарта 16 жарым миң адам үй менен камсыз болду

Мамлекеттик ипотекалык компания иштеп баштагандан тарта 16 жарым миң адам үй менен камсыз болду. Бул тууралуу аталган компаниянын башкармалыгынын төрайымы Элмира Абжапарова билдирди. Анын айтымында, компания ишин 2015-жылы баштагандан бери, алар тарабынан 4 жарым миңден ашык ипотекалык насыя каржыланып,  ага 5 миллиард сом жумшалды, —… Кененирээк…

Мамлекеттик ипотекалык компания 400 миллион сомго барабар бюджеттик насыя алат мамлекеттик ипотекалык компания 400 миллион сомго барабар бюджеттик насыя алат

Мамлекеттик ипотекалык компания 400 миллион сомго барабар бюджеттик насыя алат. Каражатты Каржы министрлиги жаңы жылда бөлүп берет. Буга чейин “Жеткиликтүү турак-жай” программасына мамлекет тарабынан 500 миллион сом бөлүнөт деп айтылган, бирок өкмөт сумманы 100 миллионго азайтуу чечимин кабыл алды.   Каражаттын максаттуу колдонуусуна Экономика министрлиги… Кененирээк…

Жыл башынан тарта Кыргызстандын мамлекеттик карызын тейлөөгө республикалык бюджеттен 24 миллион сом жумшалды

Жыл башынан тарта Кыргызстандын мамлекеттик карызын тейлөөгө республикалык бюджеттен 24 миллион сом жумшалды. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, мамлекеттик тышкы карыз боюнча — 12 миллион 962 миң сом, ички карыз боюнча — 11 миллион сом багытталды.   Белгилеп кетсек, Кыргызстандын тышкы карызы 4 миллиард  530 миллион сомго жетти.… Кененирээк…

Кыргызстанда 10 адам 100 миң сомдон ашык пенсия алат

Кыргызстанда 10 адам 100 миң сомдон ашык пенсия алат. Социалдык фонддун жетекчиси Медер Ирсалиев билдиргендей, мындай пенсияны өз убагында ай сайын 20 миң сом төлөп тургандар алууда. Анын айтымында, 20 миң сомдон жогору пенсияны болжол менен 1 миң 600дөй адам алат. Кошумчаласак, Кыргызстанда эркектер 63, ал… Кененирээк…

Кыргызстандын ички дүң продукциясы ушул жылы 513 миллардды түздү

Кыргызстандын ички дүң продукциясы ушул жылы 513 миллардды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул айына салыштырмалуу 5 пайызга көбөйдү. Комитеттен билдиришкендей ички дүң продукциянын өсүшү, негизинен, өнөр жай, курулуш тармактары, айыл чарба жана кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүнүн эсебинен… Кененирээк…

Нарын облусунун 42 айылын таза суу менен камсыздоого 33 миллион доллар сарпталат

Нарын облусунун 42 айылын таза суу менен камсыздоого 33 миллион доллар сарпталат. Бул тууралуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиев билидирет. Маалыматка ылайык, 31 айылды таза суу менен камсыздоо биринчи транш менен ишке ашат. Долбоор Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланууда. Бул максатта өкмөт 5,5… Кененирээк…