Акын Элмирбек Иманалиев мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

Төкмө акын, комузчу, Эл артисти Элмирбек Иманалиев 42 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу анын чыгармачыл достору кабарлашты.   Чыгаан акын Элмирбек Иманалиев 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган. 13-14 жашынан баштап колуна комуз алып чоң айтыштарга катыша баштаган Элмирбек Иманалиев бир нече… Кененирээк…

Кыргызстандын опера жана балет театры онлайн көрүүлөр үчүн КМШнын мыкты театрларынын тизмесине кирди

Кыргызстандын опера жана балет театры онлайн көрүүлөр үчүн КМШнын мыкты театрларынын тизмесине кирди.   ТурСтат аналитикалык агенттиги түзгөн рейтингде ошондой эле Москва, Астана, Ереван, Кишинев, Душанбе шаарларынын театрлары кирди.

Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейи КМШ мамлекеттеринде онлайн-экскурсия үчүн мыкты музейлердин рейтингине кирди

Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейи КМШ мамлекеттеринде онлайн-экскурсия үчүн мыкты музейлердин рейтингине кирди.   ТурСтат порталынын маалыматында, ондукка Москвадагы Третьяков галереясы, Санкт-Петербургдагы орус музейи, Беларусиянын улуттук көркөм музейи, Алмата, Баку, Еревандын маданият үйлөрү жана Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы музей кирди.

Чыңгыз Айтматов атындагы орус драм театры онлайн-көрсөтүүлөрдү уюштурат

Чыңгыз Айтматов атындагы орус драм театры онлайн-көрсөтүүлөрдү уюштурат. Мекеменин маалыматында, маданият үйүнө  эми сайт аркылуу виртуалдүү түрдө кирсе болот. Алгачкы ирет бүгүн, “Шайтан” спектакли коюлат. Ал бир катар маанилүү чет элдик фестивалдарда Кыргызстанды таанытып келген. Быйыл да КМШ жана Балтия өлкөлөр арасында виртуалдык түрдө көрсөтүлөт.

Кыргызстандык бийчилер эл аралык мелдеште 23 медаль утушту

Кыргызстандык бийчилер спорттук жана бал бийи боюнча эл аралык мелдеште 23 медаль утушту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка караганда, бий жарышына 14 өлкөдөн 3 миң 37 жуп катышты. Анда кыргызстандык бийчилер 17 алтын, 3 күмүш жана 3 коло байгеге ээ… Кененирээк…

Улуттук филармония карантинге жабылды

Коронавирус илдетине байланыштуу Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы карантинге жабылды. Бул маалыматты филармониянын көркөм жетекчиси Алтынбек Максүтов ырастады. Ага ылайык, пландалган бардык иш-чаралар токтотулду.   Анын сөзүнө караганда, тиешелүү чечимди өкмөт кабыл алган. Иш кайра качан жанданары белгисиз. Ал эми алдыда болчу концерттерге билет алгандардын… Кененирээк…

Кыргызстандагы эки театрдын жетекчилигинде кадрдык өзгөрүү болду

Кыргызстандагы эки театрдын жетекчилигинде кадрдык өзгөрүү болду. Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Темирлан Сманбеков Баткен Кыдыкеева атындагы жаштар театрынын директору кызматына бекитилди. Ал эми Жолдошбек Аманкулов Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык драма театрынын директору болуп дайындалды.

Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында спектакль коюу убактылуу токтотулду

Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында спектакль коюу убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Азаттыкка”  театрдын директорунун орун басары Елена Смирнова билдирди.   Анын айтымында, мындай чектөө өкмөттүн коронавирусту алдын алуу иш-чараларынын алкагында киргизилди.  Спектаклдер 31-мартка чейин коюлбайт. Билет сатып алгандар кайра кассага тапшырып же кийинки… Кененирээк…

Бишкек баатырдын колодон жасалган эстелиги даяр болду

Бишкек баатырдын колодон жасалган эстелиги даяр болду. Мэриянын маалыматына ылайык, айкелдин бийиктиги 3 метрге жетет. Ал Маданият министрлигинин алдында, Чүй проспектинин Эркиндик гүлбагынын кесилишинен алыс эмес жерде орнотулат.   Учурда долбоор Бишкек башкы архитектура менен макулдашуудан өтүп жатат.

Кыргыз драмтеатрды оңдоо иштери уланууда

Кыргыз драмтеатрды оңдоо иштери уланууда. Маданият министрлигинин маалыматына ылайык, имараттын терезелери алмаштырылып, жаңы жылытуучу система орнотулуп жатат. Кайра калыбына келтирүү иштери өткөн жылы башталып, үстүбүздөгү жылдын соңунда аягына чыгат.   Кыргыз драмтеатрын оңдоого республикалык бюджеттен  84,5 миллион сом бөлүнгөн.