БШК депутат Максатбек Сарбагышевди мандатынан ажыратты
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 25-апрелде кезексиз жыйынга чогулуп, Жогорку Кеңештин депутаты Максатбек Сарбагышевдин ыйгарым укуктарын өзү жазган арыздын негизинде мөнөтүнөн мурда токтотуп, мандатын алды. Чечимди БШКнын 12 мүчөсүнүн 10у колдоду. Сарбагышев бул күнү түшкө чейин парламентте олтуруп, жыйынга келген өкмөт өкүлдөрүнө суроо берип жаткан.… Кененирээк…