Кайрадан парламенттик шайлоону өткөрүүгө канча акча сарптала турганы азырынча белгисиз

Кайрадан парламенттик шайлоону өткөрүүгө канча акча сарптала турганы азырынча белгисиз. Бул тууралуу novosti.kgге Боршайкомдун басма сөз кызматынан билдиришти. Учурда чыгашалардын сметасы даярдалууда, ошондой эле каражат бөлүү боюнча Каржы министрлиги менен сүйлөшүлөр жүрүп жатат. Басма сөз кызматынан белгилешкендей, багыттала турчу каражаттын көлөмү буга чейинки шайлоолорго салыштырмалуу… Кененирээк…

“Коопсуз шаар” камерасына катталган айдоочуларга айыптын суммасын кечикпей төлөө сунушталат

“Коопсуз шаар” камерасына катталган айдоочуларга айыптын суммасын кечикпей төлөө сунушталат. novosti.kgге Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан түшүндүрүшкөндөй, эреже бузуу боюнча маалым кат келгенден 15 күн өткөнгө чейин төлөсө, 50 пайыздык арзандатуу каралат. Аталган мөөнөттөн өтүп, 1 айга чейин төлөмдү жүргүзбөсө айып толук көлөмдө алынат.… Кененирээк…

Бишкектеги мектептерде билим берүү азырынча онлайн режиминде уланууда

Бишкектеги мектептерде билим берүү азырынча онлайн режиминде уланууда. Шаардык билим берүү башкармалыгы санитардык кызматтардын сунушун кабыл алып, мектептерди ачпай туруу чечимин кабыл алды. Анын ортосунда, башкармалык билим берүүнү салттык түрдө баштоого даяр. Ордо калаадагы бардык мектептер жана анын аймагына кирген аянттар дезинфекцияланды. Эске салсак, 6-октябрдан… Кененирээк…

«Тулпар» кызыл картасын берүү кайрадан жанданды

«Тулпар» кызыл картасын берүү кайрадан жанданды. Мэриядан билдиришкендей, бүгүнтөн тартып жеңилдик каралган карталар Бишкектин төрт районунда таратылууда. Алар даректери боюнча, Чүй проспектиси 315 жана 28, Байтик баатыр көчөсү 17, ошондой эле Жибек жолу проспектиси 348 боюнча алуу жеткиликтүү. Белгилеп кетсек, кызыл карталар пенсионерлерге берилет.  

Кыргызстанда трасса боюнда жайгашкан мектептер аймагында окуучулардын коопсуздугун сактоо иш-чаралары башталды

Кыргызстанда трасса боюнда жайгашкан мектептер аймагында окуучулардын коопсуздугун сактоо иш-чаралары башталды. novosti.kgге Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, учурда өлкө боюнча 2 миң 186 билим берүү мекемеси бар, анын 800дөн ашыгы кооптуу тилкелердин боюнда жайгашкан. Андыктан, окуучулар сабакка барган жана кайткан учурунда коопсуздукту камсыздоо… Кененирээк…

Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкө боюнча коронавирусту дарылаган стационарлардын  картасын жарыялады

Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкө боюнча коронавирусту дарылаган стационарлардын картасын жарыялады. Республикалык штабдан билдиришкендей, картада ооруканалардын даректери, байланыш номерлери, бош жана бош эмес орундардын саны көрсөтүлгөн. Андан тышкары, медициналык жардам көрсөткөн кызматкерлердин жана жасалма дем алдыруучу аппараттардын саны дагы бар.

Кыргызстан жана Россия ортосунда аба каттамдардын санын көбөйтүү боюнча маселе каралууда

Кыргызстан жана Россия ортосунда аба каттамдардын санын көбөйтүү боюнча маселе каралууда. novosti.kgге Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдиргендей, учурда эки өлкө ортосунда жумасына бир ирет аба жолдору уюштурулуп жатат. Каттамдарга суроо-талап жогору болгондуктан рейстерди көбөйтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Чечим эпидемиологиялык абалга жараша кабыл алынат.… Кененирээк…

«Театралдык” гүл бакчасында пианинону талкалашкандар жаңысын орнотушту

«Театралдык” гүл бакчасында пианинону талкалашкандар жаңысын орнотушту. “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасынын маалыматына ылайык,  жарым ай мурун аталган гүл бакчадагы пианинону белгисиз адамдар сындырып кетишкен.   Кийин алар аныкталып, музыкалык аспаптын жаңысын орнотуп беришти.  Учурда ал жагымдуу музыкасы менен шаардыктарды кубандырууга даяр.

Облустарга жаңы жетекчилерди дайындоо уланууда

Облустарга жаңы жетекчилерди дайындоо уланууда. Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Абсаттар Сыргабаев дайындалды. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.   Сыргабаев буга чейин Сузак районуна караштуу Барпы айыл аймагынын башчысы болуп эмгектенген.

Кыргызстанда абал туруктуу жана милициянын көзөмөлүндө

Кыргызстанда абал туруктуу жана милициянын көзөмөлүндө. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, тартип сакчылар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ыктыярдуу элдик коошуундар менен биргеликте коомдук тартипти камсыздоо боюнча алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүдө.   Эске салсак, 4-октябрдагы парламенттик шайлоолордун жыйынтыгына нааразы эл көтөрүлүп, бийлик алмашты.   БШК шайлоолордун жыйынтыгын… Кененирээк…