Бишкектеги Төкөлдөш жаңы конушуна газ берилди

Бишкектеги Төкөлдөш жаңы конушуна жаратылыш газы берилди. Мэриянын маалыматына караганда, долбоордун алкагында  аймакта 10 чакырымдан ашык газ бөлүштүрүүчү тармактар ​​курулган.

 

Жалпысынан 752 кожолукка көгүлтүр от менен колдонуу мүмкүнчүлүгү берилди.