1-июлдан тарта патент менен соода кылуу жокко чыгат

1-июлдан тарта патент менен соода кылуу жокко чыгат. Мамлекеттик салык кызматы эскерткендей, ага чейин сатуучулар салыктын ылайыктуу режимин тандап алышы керек.

 

Башкача айтканда, ишкерлер жалпы режимге өтө алышат, мында салыктар учурдагы салык мыйзамдарына жана ставкаларына ылайык жалпы негизде төлөнөт. Экинчи вариант – бирдиктүү салыкка негизделген жөнөкөйлөштүрүлгөн салык системасы болуп саналат.