Аял менен эркектин ортосунда достук болушу мүмкүнбү?

Психолог аял менен эркектин ортосунда достук болушу мүмкүнбү деген суроого жооп берди. Маалыматка ылайык, көпчүлүк аял менен эркектин ортосунда достук жок экенине ынанышат. Бирок, психодрамаист Ольга Малинина бул жомокту жокко чыгарды. Ал мындай достук абдан реалдуу экенин айтты. Эксперт белгилегендей, азыр аял менен эркектин достук… Кененирээк…

Айдоочулар Төө-Ашууда абайлашы керек

Бишкек — Ош унаа жолундагы Төө-Ашууга кар түшкөнүнө байланыштуу, айдоочулар этият болушу керек. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы мүмкүн болсо бул күндөрү жолго чыкпай турууну сунуштайт. Кыргызгидромет кызматы бүгүнтөн тарта көпчүлүк аймактардын тоолуу райондорунда, тоо этектеринде жаан жаай турганын билдирүүдө. Бийик тоолуу райондордо кар түшөт.

Кыргызстанда төрт министр кызматтан алынып, ордуна башкалары дайындалды

Президент Садыр Жапаровдун 3-октябрдагы жарлыгы менен Таалайбек Ибраев энергетика министринин, Тилек Текебаев унаа жана жолдор министринин, Уланбек Мамбетакунов билим берүү министринин, Алтынбек Максүтов маданият министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Эми алардын талапкерлиги Жогорку Кеңешке сунушталат. Эске салсак, президенттин ушул эле күнкү жарлыгына ылайык, буга чейин… Кененирээк…