Кыргызстанда окуу китептери үчүн бөлүнгөн каражат жетишсиз

Кыргызстанда окуу китептери үчүн бөлүнгөн каражат жетишсиз. Анын себебин Билим берүү министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов айтып берет.   “Республикалык бюджеттен китепке деп 120 миллион сом бөлүнөт. Замандын талабына жараша, бул сумма такыр жетишпейт экен. Биздин эсептөөлөр боюнча 600 миллион сомдон ашык акча сарпталышы керек.… Кененирээк…

Өлкөнүн башкы жолдору кыймылга ачык

Өлкөнүн башкы жолдору кыймылга ачык. novosti.kgге Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, тоолуу аймактарда кар жаады, буга карабай унаа кыймылы татаалданган жок. Жолчулар кооптуу тилкелерде нөөмөттө туруп, трассаларды кардан тазалап, инерттүү материалдар себилип жатат.   Ведомство эскертет, алыскы сапарга чыгууну пландаган айдоочуларга дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруу сунушталат.

Саламаттыкты сактоо министрлиги калкты бустердик доза менен эмдөө иш-чарасын активдештирүүдө

Саламаттыкты сактоо министрлиги калкты бустердик доза менен эмдөө иш-чарасын активдештирүүдө.   Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Маалыматка ылайык, бустерди 4-6 ай мурда коронавирустан вакцинанын толук курсунан өткөн жарандардын бардыгы ала алат.   Республика аймагында бүгүнкү күндө “синофарм” жана “файзер” вакциналары менен эмдөө жүрүп жатат, препараттар… Кененирээк…

Жалал-Абадда аз камсыздалган 50 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилди

Жалал-Абадда аз камсыздалган 50 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинен билдиришти. “Социалдык келишим” долбоорунун алкагында каражат алган жарандар жеке бизнесин ачуу менен жакырчылыктан чыгуусу керек. Алардын тизмеси “үй бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алып келгендердин арасынан түзүлдү. Эске салсак,… Кененирээк…

Баткен облусун өнүктүрүүгө Дүйнөлүк банк 50 миллион доллар бөлөт

Баткен облусун өнүктүрүүгө Дүйнөлүк банк 50 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттарынын аталган банктын Европа жана Борбор Азия чөлкөмү боюнча вице-президенти Анна Бьерде менен жолугушуусунда белгилүү болду. Эл өкүлдөрү Кыргызстан эки мамлекет ортосундагы талаштуу маселелерди тынчтык жана саясий-дипломатиялык жол менен гана чечүү зарыл… Кененирээк…

«Манас» жана «Ош» аба майдандары ижарага берилген жок

«Манас » жана «Ош» аэропорттору 49 жылга ижарага берилгени боюнча маалымат чындыкка жатпайт. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Мирлан Бакиров билдирди. Ал кошумчалагандай, аба майдандарга байланыштуу инвестициялык сунуштар түшүп жатат. Алсак, бүгүнкү күндө Түркия, Россия жана араб өлкөлөрүнөн сунуштар түштү. Белгилеп кетсек, 79 пайыз… Кененирээк…

Бүгүн Жалал-Абаддын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

Бүгүн, 4-октябрда Жалал-Абад шаарынын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу саат 10:00дөн 17:00гө чейин Жусуп Бакиев, Токтогул № 44, 44а, 46, Барпы Сейил, Совет, Бабкин, Пограничный, Чехов, Ленин, Пионерский, Озорный көчөлөрүндө электр жарыгы убактылуу жок болот.… Кененирээк…

Өлкөдө социалдык маанилүү товарлардын баасы туруктуу

Өлкөдө социалдык маанилүү товарлардын баасы туруктуу. Экономика жана соода министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, мындай товарлардын кору жетиштүү, керектөөчүлөр тарабынан ажиотаж жок. Белгиленгендей, айрым товарларга баанын өсүшү жылына 20 пайызды түзөт. Бир айдын ичинде 3 проценттен ашпайт. Баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча иштер тиешелүү… Кененирээк…

Ысык-Көлгө Россиянын эки шаарынан чартердик каттамдар ачылды

Ысык-Көлгө Россиянын эки шаарынан чартердик каттамдар ачылды. «Манас» эл аралык аэропортунан кабарлашкандай, учурда Москва-Тамчы-Москва багыты боюнча аба каттамдар күн сайын, башкача айтканда, жумасына 7 жолу аткарылууда. Ошондой эле, учактар Тамчыга Санкт-Петербург шаарынан да каттап жатат. Санкт-Петербург-Тамчы-Санкт-Петербург багыты боюнча чартердик каттам жумасына бир жолу аткарылууда.

Кыргызстанда коронавируска каршы 90 күндүк эмдөө өнөктүгү башталды

Кыргызстанда коронавируска каршы 90 күндүк эмдөө өнөктүгү башталды. Бул тууралуу илдетке каршы Республикалык штабдан билдиришти. Маалыматка ылайык, сасык тумоонун, курч респиратордук вирустук инфекциялардын жана COVID-19тун эпидемиологиялык күчөшү учурунда Саламаттык сактоо министрлиги калкты бустердик дозалар менен эмдөөнүн темпин жогорулатууда. Вакцинанын бустердик дозаларын 4-6 ай мурда эмдөөнүн… Кененирээк…