АКШдагы университет мышыкка докторлук даража ыйгарды

АКШдагы университет мышыкка докторлук даража ыйгарды. Үй жаныбары бир нече семестр бою окуу жайдын коридорлорун кыдырып, студенттер жана кызматкерлердин сүймөнчүлүгүнө айланган.   Мышыкты бул жердегилердин дээрлик баары тааныйт. Ал өзүн көтөртүп, ойнотуп, селфи жасоого мүмкүнчүлүк берет. Жаныбар кампустун экскурсияларына да катышууну жакшы көрөт.   Университеттин… Кененирээк…

Кыргызстанда «Топтолмо ипотека» аттуу жаңы социалдык долбоор ишке кирет

Кыргызстанда «Топтолмо ипотека» аттуу жаңы социалдык долбоор ишке кирет.   Бул багытта Мамлекеттик ипотекалык компания коммерциялык банктардын бири менен кызматташуу келишимине кол койду. Ага ылайык, жаран турак жайдын наркынын 30 пайызын атайын графиктин негизинде ай сайын толуктап, банкта топтойт. Андан соң банк күрөөсүз, үйдүн баасынын… Кененирээк…

Эртең Талас облусунда бир катар ири объектилер ачылат

Эртең Талас облусунда бир катар ири объектилер ачылат. Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, 21-майда облустагы аэропорттун ачылышы болот, ошондой эле Киров суу сактагычындагы Бала-Саруу чакан ГЭСи ишке кирет.   Мындан тышкары, облустук ички иштер башкармалыгынын жаңы имараты пайдаланууга берилет.   Иш-чараларга президент Садыр Жапаровдун катышуусу күтүлүүдө.

Бишкекте сот кызматкерлери үчүн көп кабаттуу үйдүн курулушу аяктады

Бишкекте сот кызматкерлери үчүн салынып жаткан 81 батирлүү үйдүн курулушу аяктады. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, объекттин курулуш иштери 2017-жылы бюджеттин эсебинен башталган. Бирок каражаттын тартыштыгынан улам курулуш токтоп турган.   Былтыртан тарта каржылоо Мамлекеттик… Кененирээк…

Сулайман-Тоого кирүүчү жолдор убактылуу жабылды

Сулайман-Тоого кирүүчү жолдор убактылуу жабылды. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, 18-майда нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин тарыхый жайдын түштүк тарабындагы туристтик жолдорго таш кулап, сел жүргөн.   Бүгүнтөн тарта тоодогу жолдорду, Үңкүр музейин тазалоо иштери жүргүзүлө баштады.   Коопсуздук камсыздалгандан кийин музей комплекстин иштөө тартиби калыбына келтирилет,… Кененирээк…

Талас райондук ички иштер бөлүмүнүн жаңы имаратына капсула салынды

Талас райондук ички иштер бөлүмүнүн жаңы имаратына капсула салынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.   Эки кабаттуу имарат 14 бөлмөдөн турат. Курулуш ИИМ тарабынан каржыланат.   Белгилеп кетсек, Талас районунун ички иштер бөлүмү 70 миңден ашуун калкты тейлейт.

Ысык-Көл жана Нарындагы реформага 320 млн сом жумшалды

Кыргызстанда башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана айыл жерлеринде социалдык-экономикалык абалды жакшыртууга багытталган административдик-аймактык реформа жүргүзүлүүдө.   Пилоттук долбоордун алкагында Ысык-Көл облусунун Түп районунда жана Нарын облусунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ирилештирилди. Алсак, Түп районунда 13 айыл өкмөт 5ке, Нарын облусундагы 63 айыл өкмөтү 27ге кыскарган. Бул… Кененирээк…

Кара-Суу районунда кыска мөөнөттүү 12 бала бакча ачылды

Кара-Суу районунда кыска мөөнөттүү 12 бала бакча ачылды. Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, мектепке чейинки билим берген мекемелер райондун Жоош, Савай, Ала-Тоо, Манас, Ынтымак, Датка айыл аймактарында жайгашкан.   Мында 3-5 жаштагы 1 миң 600гө жакын бөбөк билим ала алат.   Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу… Кененирээк…

Беш миңден ашык фермер жеңилдетилген насыя алды

“Айыл чарбасын каржылоо – 12” долбоорунун алкагында 5 миңден ашык фермер жеңилдетилген насыя алды. Каржы министрлигинен маалымдашкандай, 2 миллиард сомдон ашык каражат берилди.   Ведомство долбоорго эки банк катышып жатканын эскертет. Кредиттин жалпы көлөмү 5 миллиард сомду түзөт.

Быйыл Кербен – Үч-Коргон жолунун эки чакырымына асфальт төшөлөт

Быйыл Кербен – Үч-Коргон жолунун эки чакырымына асфальт төшөлөт. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, жумушка “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын 15ке жакын кызматкери жана 10дон ашык атайын техника тартылган.   Жол куруу иштеринин аткарылышы бардык стандарттарга жооп берери белгиленди.