3-июндан тарта биринчи класска каттоонун экинчи этабы башталат

3-июндан тарта биринчи класска каттоонун экинчи этабы башталат. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, анын алкагында баланы жашаган жери боюнча мектепке каттаса болот.   Биринчи этапта 70 миңдей окуучу кабыл алынды. Бишкекте 6 мектепте орун калган жок, алар №26, 70, 29, 20, 13, 17-мектеп гимназиялар.

Кыргызстандын ички каттамдарында Tunduk мобилдик тиркемеси аркылуу санарип ID паспорту менен учууга уруксат берилди

Кыргызстандын ички каттамдарында Tunduk мобилдик тиркемеси аркылуу санарип ID паспорту менен учууга уруксат берилди. Бул тууралуу » Манас» эл аралык аэропортунун басма-сөз кызматы билдирди.   Бул документтерин унутуп калган жарандар үчүн ыңгайлуу шарт түзүп берүү үчүн уюштурулду. Министрлер кабинетинин 2022-жылдын декабрдындагы токтомуна ылайык, Кыргызстанда электрондук документтер юридикалык күчкө… Кененирээк…

Ош шаарынын бюджетин аткарууда дээрлик 1 млрд сомдук каржылык бузуу аныкталды

Ош шаарынын 2022-жылкы бюджетин аткарууга жасалган аудиттин жүрүшүндө 945 млн 816 миң сомдук каржылык бузуу аныкталды. Бул тууралуу 31-майда Эсептөө палатасы кабарлады.   Мунун ичинен 395 млн 564,8 миң сом калыбына келтирилиши керек. Буга чейин 110 млн 98,9 миң сом калыбына келтирилген. Маалыматта ар кайсы суммадагы каражаттар… Кененирээк…

Токтогул суу сактагычында 9,8 млрд суу бар

Токтогул суу сактагычында 31-майга карата суунун көлөмү 9 млрд 853 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын маалыматында айтылат.   Учурда суунун агып келиши секундасына 923 куб метрди түзөт, сууну керектөө секундасына 201 куб метрге жетүүдө.

УКМК Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын директорун кармады

Өзгөчө ири суммадага акча каражаттарды мыйзамсыз ыйгарып алган Дене тарбия жана спорт департаментинин жооптуу кызмат адамдары аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.   Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында, өзгөчө ири суммадага акча каражаттарды… Кененирээк…

ОшМУда «Робототехника жана жасалма интеллект» борбору ачылды

Ош мамлекеттик университетинин 85 жылдык мааракеси белгиленди. Ага катышкан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров университеттин бюджети бүгүнкү күндө 4 млрд сомдон ашканын айтты.   Мамлекетке төккөн салыктардын көлөмү жылына 130 млн сомдон ашат. Акылбек Жапаров билим берүү тармагында рыноктун талаптарына жараша ишин уюштурууга, академиялык эркиндикке,… Кененирээк…

Ысык-Атада оорукана оңдоодон өткөрүлдү

Ысык-Ата районунун Жалпы дарыгерлик практика борборунда (ЖДПБ) оңдоо иштери ийгиликтүү аяктады. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, оорукананы оңдоо иштери Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун алкагында жүргүзүлдү.   Каржылоонун жалпы наркы 8 млн сомдон ашык сумманы түздү, бул мекеменин медициналык инфраструктурасын бир кыйла… Кененирээк…

Свердлов району боюнча 12 талапкер депутаттыка ат салышат

Жогорку Кеңешке №29 Свердлов бир мандаттуу округунан мөөнөтүнөн мурда шайлоого талапкерлерди каттоо аяктады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Малыматка ылайык, 30-июнда өтө турган шайлоого талапкерлерди каттоо 30-майда аяктаган. Талапкерлер: Аскар Алмаз уулу, 31 жашта, убактылуу иштебейт; Таалайбек Усубалиев, 57 жашта, Бишкек шаардык кенешинин депутаты;… Кененирээк…

Кыргызстанда жасалган паспорттор бүгүндөн тарта бериле баштайт

Бүгүн Кыргызстанда өлкө ичинде даярдалган жалпы жарандык (чет элдик) паспорттор бериле баштайт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармак аркылуу билдирди. Кыргызстанда чыгарылган алгачкы паспортту тапшыруу аземи бүгүн Жибек Жолу проспекти менен Ибраимов көчөсүнүн кесилишиндеги №4 Калкты тейлөө борборунда (мурдагы «Эльдорадо» борбору)… Кененирээк…

Кыргызстандык зыяратчылардын биринчи тобу Сауд Арабияга учуп кетти

Кыргызстандык зыяратчылардын биринчи тобу Сауд Арабияга учуп кетти. Бул тууралуу Мусулмандардын дин башкармалыгынан билдиришти. Быйыл аталган өлкө ажылык сапар үчүн Кыргызстанга 6 миң 60 квота бөлгөн.   Зыяраттын баасы 3 миң 750 долларды түзөт. Быйыл ажылык 14-19-июнь күндөрү аткарылат.