Бишкекте бүгүнтөн тарта №15 троллейбус каттамы жабылат

Бүгүн, 1-июндан тарта Асанбай кичи районунан Аламүдүн-1 кичи районуна чейин убактылуу каттаган №15 троллейбустук каттам жабылат. Муниципалитеттен билдиришкендей, мындай чечим каттамдын рентабелсиздигинен жана айдоочулардын жетишсиздигинен улам кабыл алынган. Негизги себептери:   — Жүргүнчүлөрдүн агымы аз, айрыкча жай мезгилинде жүргүнчүлөрдүн басымдуу бөлүгү студенттер эс алууга кеткен.… Кененирээк…

Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгү 7 күнгө жабылды

Бүгүн, 1-июндан 8-июнга чейин Ахунбаев көчөсүнүн 7-Апрель көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейинки бөлүгү толугу менен жабылды.   Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган тилкеде унаа жолунун алдынан өтүүчү түтүктөр жана түтүк көпүрөлөрүн орнотуу иштери аткарылат. Ошондой эле жолдун негизин асфаль-бетон аралашмасын төшөөгө чейинки даярдык иштерин баштоо пландаштырылууда.

Ош шаарында таштанды иргөөчү ишкана ачылды

Ош шаарында таштанды иргөөчү ишкана ачылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге караганда, Кыргызстанда алгачкы жолу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк келишимдердин алкагында «Катуу тиричилик калдыктарын сорттоо жана кайра иштетүү станциясын түзүү» долбоору ийгиликтүү ишке ашты. Ишкананы министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров көрүп чыккан. Аталган объект «Таза-Комплекс»… Кененирээк…

Патент менен иштегендер бир айдын ичинде башка салык режимине өтүшү керек

Салык кызматы патенттин негизинде соода кылган ишкерлердин башка салык режимине өтүүсүнө бир ай калганын эскертти. Эскерте кетсек, 1-июлдан тартып патенттин негизинде соода жүргүзүү токтотулат. Ишкерлер жалпы же бирдиктүү салык режимдерин тандай алышат. «Стратегиялык объектилерге кирген «Дордой» жана «Тураталы эл базары» («Кара-Суу») базарлары өзгөчө салык режимине… Кененирээк…

Кыргызстанда жүн Кытайга экспорттоло баштады

Кыргызстан иштетилген жүндү Кытайга экспортко чыгара баштады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кабарлады. Билдирмеге караганда, акыркы үч жума ичинде аталган өлкөгө Кыргызстандан 20 тоннадан ашуун жүн экспорттолгон. «Бишкектеги Фрунзе заводунун аймагында жайгашкан ишкана бир гана жүн эмес, андан… Кененирээк…

Сузакта милиция эки мектептин жана айыл өкмөтүнүн имаратында желекти өрттөгөндөрдү издеп жатат

Белгисиз адамдар Сузак районундагы №4 Б.Шамшиев атындагы жана №88 С.Атабеков атындагы орто мектептердин жана Атабеков айыл өкмөтүнүн имаратына илинген мамлекеттик желектерди өрттөп, ордуна араб жазуусу бар ак матаны илип кетишкен. Бул мектептерде окутуу кыргыз жана өзбек тилдеринде жүрөт.   Облустук милициянын маалыматында, окуя 30-майга оогон… Кененирээк…