Сауд Аравия Кыргызстанга 25 тонна курма берди

Бишкекте Сауд Аравиясынан Кыргызстанга 25 тонна курма өткөрүп берүү аземи өттү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.   Ведомстводон маалымдашкандай, курмалар социалдык мекемелерге, атап айтканда карылар жана балдар үйлөрүнө, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына жана бейөкмөт уюмдарга бөлүштүрүлөт.  … Кененирээк…

Чүйдүн Александровка айылында бала бакча курулууда

Чүй облусунун Москва районундагы Александровка айылында бала бакчанын курулушу уланууда. Мамкурулуш агенттигинен билдиришкендей, учурда объектте монтаждоо иштери жүрүп жатат.   Мектеп чейинки билим берүү мекемеси 100 орунга ылайыкталган.   Бала бакчанын курулушу быйыл башталып, республикалык бюбжеттин эсебинен каржыланууда.

Норвегияда робот-жардамчы пайда болду

Норвегияда робот-жардамчы пайда болду. Ал үйдөгү күнүмдүк иштердин көбүн жасайт. Алсак, чаңды сүртүп, пол жууп, чачылган нерселерди жыйнай алат.   Бийиктиги дээрлик эки метр, салмагы 86 килограмм болгон акылдуу механизм дөңгөлөктүү платформада жылып, саатына 14 километрге чейин жүрөт.   Робот бардык манипуляцияларды жасалма интеллекттин көзөмөлү… Кененирээк…

Балыкчыда саркынды сууларды тазалоочу жай курулууда

Балыкчыда саркынды сууларды тазалоочу жай курулууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.   Белгиленгендей, аталган объектте курулуш-монтаждоо иштери 2022-жылдын сентябрында башталып, керектүү тетиктер жана жабдуулар толук жеткирилген. Жумуштарды ушул жылдын август айында аяктоо пландаштырылууда.   Объект кабыл алынгандан… Кененирээк…

Жалал-Абадда бир катар имараттарды оңдоп-түзөө пландалууда

Жалал-Абадда борбордук аянтты, ошондой эле облустук администрация менен мэриянын имараттарын оңдоп-түзөө пландалууда. Тиешелүү сынак мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланды.   Курулуштардын сметалык баасы 900 млн сомду түзөт. Бул жумуштарды келерки жылдын июль айынын аягына чейин бүткөрүү мерчемделүүдө.

Ошто мончонун суу казаны жарылып, жети адам жабыркады

Ошто мончодон өрт чыгып, жети адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, бүгүн, 5-июнда шаардагы Кокумбий көчөсүндө жайгашкан «Байкөл» мончосунун суу казаны жарылып, анын кесепетинен өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө 1 бөлүм тартылган.   Тилсиз жоонун кесепетинен 7 адам жабыркап, «Тез жардам»… Кененирээк…

Жети-Өгүздө Барскоон чакан ГЭСинин курулушу башталды

Жети-Өгүздө Барскоон чакан ГЭСинин курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Барскоон кичи ГЭСинин долбоордук кубаттуулугу 7,5 МВт, ал эми наркы 700 млн сомду түзөт. Жабдуулар Австриядан алып келинет.   Долбоордун алкагында узундугу 5 чакырымга канал жана 300 чарчы метр аянттагы имарат… Кененирээк…

Кыргызстандын велоспорт боюнча курамасы Азия чемпионатына катышат

Кыргызстандын велоспорт боюнча улуттук курама командасы Азия чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Мелдеш 5-12-июнь күндөрү Казакстандын Алматы шаарында өтөт.   Курама командынын тизмеси: Данияр Велямов; Мухеммед Али Маткаримов;; Эрлан Оролов; Алла Вороная; Алиман Чалова. Курама команда улук машыктыруучу Александр Дядичкиндин… Кененирээк…

Парламент башкы прокурор кызматына Максат Асаналиевдин талапкерлигин жактырды

Парламент башкы прокурор кызматына Максат Асаналиевдин талапкерлигин жактырды. Жыйынга катышкан 69 депутаттын баары ага «макул» деп добуш берди.   Анын талапкерлигин Садыр Жапаров сунуштаган.   Максат Асаналиев ушул кезге чейин Ош облусунун прокурору болуп иштеп жаткан. Ал эми буга чейинки баш прокурор Курманкул Зулушев кызматтан… Кененирээк…

Ошто кылмышка айыпталуучуларды онлайн көзөмөлдөө пилоттук режимде иштеп баштады

Ошто кылмышка айыпталуучуларды онлайн көзөмөлдөө пилоттук режимде иштеп баштады. Пробация департаментинин маалыматына караганда, бул система Бишкектин айрым райондорунда да иштеп жатат.   Бүгүнкү күндө билериктер 17 адамга тагылса, мобилдик тиркеме 15 шектүүнүн телефонуна орнотулган.   Электрондук байкоо суткасына 24 саат адамдын кыймылын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.