Быйылкы окуу жылынын аттестаттары менен күбөлүктөрү кагаз жана электрондук түрдө даярдалууда

Быйылкы окуу жылынын аттестаттары менен күбөлүктөрү кагаз жана электрондук түрдө даярдалууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.   Ошондой эле «Түндүк» порталында 2018-жылдан берки аттестаттар жеткиликтүү. Аларды министрлик акыркы алты жылда санариптештирген.   Мамлекеттик документтердин электрондук варианттары аттестаттардын жана күбөлүктөрдүн реестринде жайгаштырылат. Муну… Кененирээк…

Мүлктөрдү ыктыярдуу легалдаштыруу жыл аягына чейин созулат

Мүлктөрдү ыктыярдуу легалдаштыруу жыл аягына чейин созулат. Парламент депутаттары мыйзам долбоорун үч окууда кабыл алышты.   Буга чейинки мөөнөт 9-июнга чейин болчу.   Апрель айынын башындагы маалыматка ылайык, 2 миң 139 адам декларация толтуруп, активдерин легалдаштырды. Анын ичинен 66 адамдын мүлкүнүн баасы 100 млн сомдон… Кененирээк…

Кыргызстандын желеги дүйнөдөгү эң бийик үч улуу тоодо көтөрүлдү

Кыргызстандын желеги дүйнөдөгү эң бийик үч улуу тоодо көтөрүлдү. Булар Эверест, Лхоцзе жана Макалу чокулары. Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын президенти Эдуард Кубатов бул жолку экспедиция ийгиликтүү аяктаганын айтып, эми Пакистандагы эң бийик тоого чыгууну мерчемдеп жатканын билдирди.   “Буюрса мекениме келдим. Эки же үч… Кененирээк…

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун каржылоо такталды

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун каржылоо, куруу, эксплуатациялоо жана тейлөөнү тактаган макулдашууга кол коюлду. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, иш-чара Пекинде өттү.   Бул документ “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоорун ишке ашыруудагы маанилүү жетишкендик экени жана проектти аяктоого бекем негиз болору белгиленди.… Кененирээк…

Бишкектин Толстой көчөсүндөгү тротуарга асфальт төшөө иштери башталды

Бишкек шаарындагы жолдорду жана тротуарларды капиталдык оңдоо иштери уланууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда Лев Толстой көчөсүнүн түндүк тарабынан Байтик баатыр көчөсүнөн Манас проспектисине чейин жана түштүк тарабынан Байтик баатыр көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейин тротуарды капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.   Бүгүнкү күндө Лев Толстой көчөсүндөгү Логвиненко… Кененирээк…

CASA-1000 долбоорунун алкагында тирөөчтөрдү орнотуу иштери аяктады

Кыргызстанда CASA-1000 долбоорунун алкагында тирөөчтөрдү орнотуу иштери толугу менен аяктады. Бул тууралуу «Улуттук электр тармактары» ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, жалпысынан 1 миң 243 тирөөч орнотулду. Учурда зымдарды тартуу боюнча иштер жүрүп жатат, бул жумуштардын аткарылган көлөмү 76%ды түзөт, — деп айтылат… Кененирээк…

Кыргызстандын грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча командасы эл аралык турнирге катышат

Кыргызстандын грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасы Польшада өтө турган эл аралык турнирге катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, мелдештер 17-24-июнь күндөрү Варшава шаарында болот.

Жукеев-Пудовкин жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишиндеги оңдоо иштери аяктады

Бишкектин Жукеев-Пудовкин жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишиндеги оңдоо иштери аяктады. Мэриядан билдиришкендей, бүгүн жолдун бул бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды.   Ошол эле учурда Медеров менен Кулатов көчөлөрүнүн ортосундагы тилкеде иш уланууда. Оңдоо жумуштары график боюнча, кечиктирбестен жүрүп жатат.   Реконструкциялоо август айынын аягына чейин толук… Кененирээк…

Бишкектеги 40ка жакын мектепте лагерлер ачылды

Бишкектеги 40ка жакын мектепте лагерлер ачылды. Муниципалитеттен такташкандай аларга 4 миңден ашык окуучу катыша алат.   Лагердерде 70 ийрим уюштурулуп, спорттук иш-чараларды өткөрүү үчүн футбол, волейбол, баскетбол жана чуркоо аянтчалары даярдалган. Ар бир лагерге медициналык кызматкерлер бекитилген. Балдарды коргоо да камсыз кылынат.

Октябрь айынан бери жабык турган Сары-Кыр ашуусунда каттам ачылды

Октябрь айынан бери жабык турган Сары-Кыр ашуусунда каттам ачылды.   Нарын облусундагы Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун Сары-Кыр ашуусундагы кар көчкүлөрдү, кар күрткүлөрдү жана жер көчкүлөрдү тазалоого атайын техника тартылып, трасса тазаланды.   Белгилеп кетсек, аталган ашуу жыл сайын октябрдан май айына чейин жабылат. Себеби, татаал аба-ырайынын… Кененирээк…