Кытайда дүйнөдөгү эң чоң күн электр станциясы ишке берилди

Кытайда дүйнөдөгү эң чоң күн электр станциясы ишке берилди. Объекттин кубаттуулугу 3,5 гигаватт.   Күн батареялары станциянын аянтынын 800 чарчы километрден ашык аянтын ээлейт.   Объект электр кубатына толук кошулганда жылдык орточо энергия иштеп чыгаруу алты миллиард киловатт-сааттан ашат. Бул күч аны анча чоң эмес… Кененирээк…

Кыргызстандык окуучу Кытайда өткөн информатика боюнча олимпиадада күмүш утту

Кыргызстандык окуучу Ян Бобрус информатика боюнча XVIII Азия-Тынч океан олимпиадасынан күмүш байге жеңип алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Ян Бобрус «Газпром Кыргызстан» мектебинин 8-классынын окуучусу, аны мугалими Медербек Осмонов даярдап барган.   2024-жылдын 18-20-майында Кытайда өткөрүлгөн бул олимпиадага Азия-Тынч океан аймагындагы… Кененирээк…

Бишкек-Балыкчы багытындагы поезд каттамы жанданат

14-июндан тарта Бишкек-Балыкчы багытындагы поезд каттамы жанданат. «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы билдиргендей, бир ай бою, тагыраагы 14-июлга чейин поезд аптанын жума, ишемби жана жекшемби күндөрү жүрөт. 15-июлдан 31-августка чейин күн сайын каттайт.   Поезддин люкс вагонунда бир жүргүнчүнүн жол кире акысы 5 жаштан 10… Кененирээк…

Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси алмашты

Кайрат Осмоналиев Кыргызстандын Азербайжандагы жана Баку шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Грузиядагы элчиси кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.   Президент Садыр Жапаровдун башка жарлыгы менен Максат Мамытканов Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси болуп дайындалды.

Кыргыз-кытай чек арасы бир күнгө жабылат

Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрмө пункттары убактылуу жабылат.   Чек ара кызматынан билдиришкендей, бекеттер кытай тараптын демилгеси менен 1 күнгө иштебейт. Ага ылайык, транспорт, жүк ташуучу унаалар жана жөө жүргүнчүлөрдү өткөрүү 11-июндан тарта жанданат.

Ысык-Көлдө 12 пансионаттын иши убактылуу токтотулду

Ысык-Көлдө 12 пансионаттын иши убактылуу токтотулду. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Маалыматка ылайык, эс алуу жайлары экологиялык нормаларды бузган.   Белгиленгендей, тизмедеги айрым объектилерде тазалоочу жайлардын курулушу башталды. Мыйзам бузуулар жоюлгандан кийин, аларга туристтик сезонго даярдыгы боюнча паспорт берилет.  

Кыргызстанда Курман айт 16-июнда белгиленет

Кыргызстанда Курман айт 16-июнда белгиленет.   Бул тууралуу бизге Мусулмандардын дин башкармалыгынан билдиришти. 15-июнь арапа күнү болот. Буга байланыштуу кыргызстандыктар кийинки жуманын аягында үч күн катары менен 15-16-17-июнь күндөрү эс алышат.

Бишкекте оңдоо иштерине байланыштуу бир катар аймактарда жаратылыш газы өчүрүлөт

Бишкекте оңдоо иштерине байланыштуу бир катар аймактарда жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Бишкекгаз” газ кызматы кабарлады. 10-12-июнда Көлбаев, Калинин, Жеңиш проспектиси, Ауэзов, Токмок, Лермонтов, Киров, Чапаев көчөлөрүндө газ өчөт.   Ал эми 11-13 июнда көгүлтүр от Төрөкул Айтматов, 7-Апрель көчөлөрүндө жана Чүй проспектисинде жок болот.

Садыр Жапаров Кыргызстандын футбол командасына автобус белек кылды

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров футбол боюнча улуттук курама командага автобус белек кылды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.   Эске салсак, бир күн мурун, 6-июнда, Кыргызстан менен Малайзиянын курама командаларынын беттеши өткөн. Оюндан кийин футболчулар менен жолугуп, башкы машыктыруучу Штефан Тарковичке автобустун ачкычын тапшырган.

Кыргызстанда көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабатында бала бакчалар жайгашат

Кыргызстанда көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабатында бала бакчалар жайгашат.   Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, улуттук курулуш нормалары кабыл алынды.   Аларга ылайык, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетишсиздигин жоюу максатында көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи жана экинчи кабаттарында бала бакчалар ачылат.