Бишкектин 100 троллейбусу Ош шаарына берилет

Бишкектин 100 троллейбусу Ош шаарына берилет. Шаардык кеңештин долбоору коомдук талкууга чыгарылды.   Түштүк калаа мэриясы буга чейин президент администрациясына кайрылып, калктын саны көбөйгөнүнө байланыштуу коомдук транспорт бөлүп берүү суранычын билдирген.   Белгилеп кетсек, күн сайын Бишкекте  115-120 троллейбус каттамдарга чыгат. Эми алардын көбү Ошко… Кененирээк…

Акылбек Жапаров Салык кызматынын жаңы имаратын курууга капсула салды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Мамлекеттик салык кызматынын имаратынын курулушуна капсула салуу аземине катышты.   «Мамлекетти өнүктүрүүдө салык кызматынын ролу эбегейсиз. Салык кызматы – бул салык мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөгөн жана мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин олуттуу бөлүгүн камсыз кылган кубаттуу мамлекеттик орган, мамлекеттик казынанын негизин түзгөн булак.… Кененирээк…

Бишкек ЖЭБиндеги аварияда жабыркаган адамга үй берилди

Бишкек шаардык жылуулук электр борборундагы жарылууда жабыркаган кызматкерге ишкананын балансындагы үйдө жашаганга мүмкүнчүлүк түзүлүп берилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен кабарлашты.   Кырсык болгонго чейин жабырлануучу үй-бүлөсү менен жатаканада жашаган жана жалгыз багуучу болуп келген. Ошондой эле эки жабырлануучуга моралдык чыгымдын орду толтурулганы кабарланды.   Быйыл… Кененирээк…

Улуттук банктын алтын валюта резервинин көлөмү майдын аягына карата   3 миллиард 718 миллион доллар деп бааланды

Улуттук банктын алтын валюта резервинин көлөмү майдын аягына карата   3 миллиард 718 миллион доллар деп бааланды.   Өлкөнүн башкы каржы мекемесинин маалыматына ылайык, бир айда сумма 61,7 миллионго өскөн. 2023-жылдын май айына салыштырмалуу резервдер 1 миллиард 310 миллионго көбөйгөн. Бул көрсөткүч тарыхта рекорддук болуп саналат.… Кененирээк…

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 млрд куб метрден ашты

6-июнга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 млрд 006 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.   Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 751 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 459 куб метрди түзүүдө. Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр… Кененирээк…

Кыргызстан – Малайзия беттешинде жеңүүчү аныкталган жок

Кыргызстан – Малайзия беттешинде жеңүүчү аныкталган жок. Оюн 1:1 эсеби менен жыйынтыкталды.   Биринчи таймда Гүлжигит Алыкулов гол киргизип эсепти ачты. Андан кийин биздин кураманын футболчусу авто гол киргизип алып, эсеп теңелди. Оюнга 15 миңдей көрүүчү келди.   Эске салсак, Кыргызстан рейтинги жакшы болгондуктан беттештерди… Кененирээк…

Ош мэриясынын эки кызматкери кармалды

6-июнда Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Шумкар Пайзиев жана Жолдор башкармалыгынын орун басары Улан Олжобаев кармалганы белгилүү болду. “Азаттыктын” кабарчысы жеринен билдиргендей, алардын бөгөт чарасы учурда Ош шаардык сотунда карала баштады.   Мэриянын эки башкармалыгынын жетекчиси тең Ош шаарында курулуп жаткан асфальт, бетон заводго… Кененирээк…