Улуу британиялык басылма FourFourTwo Европа чемпионаттарынын тарыхындагы эң мыкты футболчуларды атады

Улуу британиялык басылма FourFourTwo Европа чемпионаттарынын тарыхындагы эң мыкты футболчуларды атады.   Биринчи орунда Испания курамасында ойногон Хави турса, экинчи орунда курамадагы анын кесиптеши Андрес Иньеста жайгашат.   Үчилтикти франциялык Зинедин Зидан бекитет. Мыктылардын тизмесине ошондой эле португалиялык Криштиану Роналду, испаниялык Икер Касильяс жана франциялык… Кененирээк…

Таштандыны кайра иштетүү боюнча лидер өлкөлөр аталды

Таштандыны кайра иштетүү боюнча лидер өлкөлөр аталды.   Биринчи орунда Австрия турат. Экинчиде Уэльс, ал эми үчүнчү орунда – Тайвань. Лидерлердин бешилтигине ошондой эле Германия жана Бельгия кирет.   Андан тышкары, тизмеде Нидерланды, Дания, Словения, Түндүк Ирландия, Түштүк Корея жана Англия бар. Жалпысынан изилдөөгө 48… Кененирээк…

Айт намаз аянтта эмес, мечиттерде гана окулат

Айт намаз аянтта эмес, мечиттерде гана окулат.   Бул тууралуу Мусулмандардын дин башкармалыгынан билдиришти. Белгилеп кетсек, Курман айт быйыл 16-июнь, жекшембиге туура келет. Буга байланыштуу өлкөдө 3 күндүк эс алуу жарыяланды.   Бир канча жылдан бери Орозо айт жана Курман айт намазы Бишкектин эски аянтында,… Кененирээк…

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы 28-июндан 3-июлга чейин белгилүү болот

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы 28-июндан 3-июлга чейин белгилүү болот. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева билдирди.   Ал эске салгандай, быйыл кыргыз тили боюнча милдеттүү тест кошулду, андыктан, текшерүү адаттагыдан көбүрөөк убакытты талап кылат. Жалпысынан ЖРТга 50 миңден ашык абитуриент… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча жумушчу топтор Бишкекте жолугушту

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топтору жана топографиялык жумушчу топтору кезектеги жолугушууну өткөрдү.   Жолугушуу 19-25-май күндөрү Бишкек шаарында болду.   Анда тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын калган тилкелердеги өтүүсүн сыпаттоо боюнча сунуштар… Кененирээк…

Бүгүн жалпы республикалык тестирлөөнүн акыркы туруна каттоо башталды

Бүгүн жалпы республикалык тестирлөөнүн акыркы туруна каттоо башталды. Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунан билдиришкендей, ал 19-июнга чейин созулат.   Абитуриенттер Бишкектеги №24 мектепте, Оштогу шаардык билим берүү бөлүмүндө каттоодон өтсө болот.   Ал эми тестирлөөнүн өзү 21-июндан  23-июнга чейин Бишкек, Ош шаарларында гана өтөт.… Кененирээк…

Ак-Суу районунда электр тармактарын модернизациялоо иштери уланууда

Ак-Суу районунда электр тармактарын модернизациялоо иштери уланууда.   Жыл башынан бери энергетиктер 1 миңден ашык акылдуу эсептегич орнотсо, жыл аягына чейин алардын санын 5 миңге жеткирүү пландалууда, — дешти Улуттук электр станциялары компаниясынан.   Керектөөчүлөрдү сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоо үчүн Шахты-Жыргалаң жана Жергез айылдарында… Кененирээк…

Парламент комитети Ысык-Көлдөгү объектилерди чет элдик жарандарга сатуу жөнүндө мыйзам долбоорду жактырды

Парламент комитети Ысык-Көлдөгү объектилерди чет элдик жарандарга сатуу жөнүндө мыйзам долбоорду жактырды. Документке ылайык, башка өлкөлөрдүн жарандарына убактылуу колдонуу укугу менен объектилер берилет.   Анын тартибин министрлер кабинети бекитиши керек. Мыйзам долбоорунда белгиленгендей, чет элдиктер объектилерди гана сатып алса болот, ал эми жер тилкелерин ала… Кененирээк…

Кыргызстандыктар эски унааларын электромобилдерге алмаштыра алат

Кыргызстандыктар эски унааларын электромобилдерге алмаштыра алат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров жарыялады, — деп билдирет “Вечерний Бишкек” басылмасы.   Жапаров эске салгандай, Сокулук районунда кытайлык компания менен биргеликте завод курулуп жатат, анда жылына 80 миңге чейин электр унаа чыгарылат.   Завод ишке киргенден кийин бийликтин… Кененирээк…

Өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу жаралды

Өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу жаралды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты. Ага ылайык, бүгүнтөн тарта 13-июнга чейин басымдуу аймактарда туруксуз аба-ырайы болуп, нөшөрлөгөн жаан жаайт.   Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, кокту-колоттордон суу ташыйт. Жарандарга табигый кырсыкты алдын алуу максатында арыктарды, каналдарды тазалоо сунушталат.