Чүй облусунун 3 районунда 13 кичи ГЭС курулууда

Чүй облусунун 3 районунда 13 кичи ГЭС курулууда. Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, иштер Ысык-Ата, Сокулук жана Москва райондорунда жүрүп жатат.   Айрым объектилер ушул жылы колдонууга берилет. Министрликтен белгилешкендей, кичи ГЭСтер энергетика тармагындагы жетишсиздикти кыскартууга жардам берет. Андан тышкары, керектөөчүлөргө берилген электр энергиясынын сапаты жакшыртылат.

Бишкекте Байтик Баатыр жана Ахунбаев көчөлөрүнүн дагы бир бөлүгү оңдоо иштерине жабылат

Бишкекте Байтик Баатыр жана Ахунбаев көчөлөрүнүн дагы бир бөлүгү оңдоо иштерине жабылат. Мэриянын маалыматына ылайык, 13-июндан тарта Байтик Баатыр көчөсүнүн Медеров – Горький тилкеси чектелет.   Ал эми Ахунбаев көчөсүнүн Малдыбаев — Тыныстанов  бөлүгүндө 15-июндан тарта унаа кыймылы үчүн чектөө коюлуп, жол оңдоо иштери башталат.… Кененирээк…

Электросамокат тепкендерди көзөмөлдөгөн мыйзам кабыл алынды

Электросамокат тепкендерди көзөмөлдөгөн мыйзам кабыл алынды. Президент Садыр Жапаров “Кыргызстандагы жол кыймылы жөнүндө” мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү колдоду.   Аталган документ менен жеке мобилдүүлүк каражаты түшүнүгү киргизилип, аны пайдалануу эрежелерин жөнгө салуу максатында иштелип чыккан. Самокаттын катышуусу менен жол кырсыгы катталса, 1 миң сом айыл салынат.… Кененирээк…

Бишкек – Балыкчы поезд каттамында жаңы VIP-вагон ишке киргизилди

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы Бишкек-Балыкчы-Бишкек поезд каттамына жаңы VIP-вагон жана вагон-генераторду ишке киргизди.   Жаңы вагон саякатты ыңгайлуу жана жагымдуу кыла турган бир катар дизайнердик инновациялар жана жакшыртуулар менен толукталды. ВИП вагондо тамак-аш жана суусундуктар сактала турган муздаткыч функциясы менен заманбап бар-стол орнотулган.  … Кененирээк…

Соттолгондор нотариус боло албайт

Президент Садыр Жапаров «Нотариат жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизген документке кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады. Аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 25-апрелде кабыл алынган. «Мыйзам жеке нотариалдык иш жүргүзүү укугуна лицензия берүүдө жана жокко чыгарууда гумандаштырууну ишке киргизүү максатында иштелип чыккан», — деп… Кененирээк…

Кыргызстанга жыл башынан бери дээрлик 1 миллиард долларга унаа ташылды

Кыргызстанга жыл башынан бери дээрлик 1 миллиард долларга унаа ташылды.   Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Январь-апрель айларында өлкөгө жалпысынан 57 миң 300 машина импорттолду.   Бул өткөн жылдын ушул мезгил аралыгына салыштырмалуу 27 миң 400 унаага көп. Транспорттун басымдуу бөлүгү Кытайдан, Түштүк Кореядан,… Кененирээк…

Кыргызстанда журналисттерге «Мейкин» сыйлыгы берилет

Президенттин Жарлыгы менен медиа жана журналистика жаатында жыл сайын ыйгарыла турган «Мейкин» сый акысы уюштурулду. Тийиштүү Жарлыкка 12-июнда кол коюлду, максаты — журналисттердин кесибинин беделин жогорулатуу жана чыгармачылык активдүүлүгүнө дем берүү.   Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы менен… Кененирээк…

Бишкекте 16-июнь күнү эртең менен муниципалдык коомдук транспорт элди акысыз ташыйт

Бишкекте 16-июнь күнү эртең менен муниципалдык коомдук транспорт элди акысыз ташыйт. Бул тууралуу мэрия билдирди.   Саат 5:30дан 11:00гө чейин автобус менен троллейбустарда жүрүү акысыз. Акция шаар боюнча иштейт. Мэрия мындай чечимди Курман айтта жол тыгындарын азайтуу максатында кабыл алды.

Бишкектен Балыкчыга эми поезд менен жетип алса болот

Бишкектен Балыкчыга эми поезд менен жетип алса болот. Каттам 14-июнда кое бериле турганын “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы эскертет. Поезд бир ай ума, ишемби жана жекшемби күндөрү жүрсө, 15-июлдан 31-августка чейин – күн сайын каттайт.   Жүргүнчүлөр үчүн стандарттуу, Люкс жана  VIP-вагондор жеткиликтүү. Поезд Бишкектен… Кененирээк…

Түштүк Кореяда расмий түрдө иштеп, айлыгынан салым алынган жарандар Кыргызстанга келгенде бир жолку төлөм ала алышат

Түштүк Кореяда расмий түрдө иштеп, айлыгынан салым алынган жарандар Кыргызстанга келгенде бир жолку төлөм ала алышат. Социалдык фонддун маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө 93 адам пенсиялык топтомо төлөмүн алууга укуктуу.   Дагы 15 жаран боюнча чечим жакынкы арада чыгарылат. Бир жолку берилүүчү төлөмдүн орточо өлчөмү 4… Кененирээк…