Сот Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандардын баарын актады

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков 14-июнда Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналган саясатчы активисттердин баарын актады.   Кемпир-Абад иши боюнча башта 27 кишиге айып тагылып кармалган. Алардын ичинен 22 кишиге актоо өкүмү чыкты.… Кененирээк…

Хорватия курамасынын жарым коргоочусу Лука Модрич мадриддик “Реал” менен жаңы келишимге кол койду

Хорватия курамасынын жарым коргоочусу Лука Модрич мадриддик “Реал” менен жаңы келишимге кол койду. Эки тарап тиешелүү документтерге кол койгону айтылат. Клуб футболчу менен кызматташтыкты улантуу боюнча жакынкы арада жар салат. Кошумчалап кетсек, Модрич Ла Лиганын өтүп кеткен сезонунда 32 беттеш өткөрүп, 2 гол киргизип, 6… Кененирээк…

Бишкек – Балыкчы поезди менен бүгүн алгачкы жүргүнчүлөр көл жээгине жетти

Бишкек – Балыкчы поезди менен бүгүн алгачкы жүргүнчүлөр көл жээгине жетти.   “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, биринчи рейс менен Ысык-Көлгө 232 адам жетти. 14-июлга чейин поезд жума, ишемби жана жекшемби күндөрү каттаса, 15-июлдан 31-августка чейин – күн сайын жүрөт.   Курамда 9… Кененирээк…

Бизнесмендерге “Чакан, кичи жана орто ишкерликти ыкчам колдоо” долбоорунун алкагында 6,5 миллиард сом берилди

Бизнесмендерге “Чакан, кичи жана орто ишкерликти ыкчам колдоо” долбоорунун алкагында 6,5 миллиард сом берилди. Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, каражатты 10 миңге жакын ишкер алды.   Долбоордун алкагында 1 миллион сомдон    3 миллионго чейинки каржылык колдоо көрсөтүү каралган. Программа 2027-жылдын июль айына чейин ишке ашып, Кыргызстандын… Кененирээк…

Аксыда футбол жана волейбол ойноочу жабык спорттук аянтча ачылды

Бүгүн Аксы районунун Сары-Кашка айылында футбол жана волейбол ойноочу жабык спорттук аянтча ачылды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.   Анын ачылыш аземине Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев, президенттин жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Чыргабаев, Мамкурулуш агенттигинин… Кененирээк…

Муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарынын жайкы эс алуусуна бөлүнгөн каражат көбөйтүлдү

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын, майыптыгы бар балдардын, камкорчулукка жана көзөмөлгө алынган балдардын, багып алуучу үй-бүлөлөрдөгү балдардын, ата-энеси жок балдардын жана тарбиянын өзгөчө шарттарына муктаж оорулуу балдардын, ошондой эле турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдардын жайкы мезгилде эс алуусу… Кененирээк…

Ордо калаанын айрым аймактарында эки күнгө газ өчөт

Ордо калаанын айрым аймактарында эки күнгө газ өчөт. “Бишкекгаз” кызматынын маалыматына ылайык, 18-19-июнь күндөрү Сүйөркулов, Юнусалиев, Каралаев, Шопен көчөлөрүн бириктирген бөлүктө көгүлтүр от жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланынштуу.

Нарын шаарында жаңы спорт комплексин курууга 77,7 миллион сом жумшалат

Нарын шаарында жаңы спорт комплексин курууга 77,7 миллион сом жумшалат.  Бул тууралуу маалымат электрондук мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.   Мамлекеттик курулуш комитетине караштуу Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгы сатып алуучу тарап болуп саналат. Курулуштун аяктоо мөөнөтү жөнүндө так маалымат жок. Каржылоо республикалык бюджеттен каралгандыктан… Кененирээк…

Ош шаары менен облустун прокурорлору дайындалды

Башкы прокурордун буйругу менен Ош шаарынын прокурору кызматына Бакытбек Сыдыгалиев дайындалды.   Башкы прокурордун биринчи орун басары Б.Маатов жаңы дайындалган Сыдыгалиевди Ош шаарынын прокуратурасынын жамаатына жана шаардын аймагындагы мекеме жетекчилерине тааныштырды.   Бактыбек Сыдыгалиев 2010-жылы Ысык-Көл жана Чүй областтарынын прокуратураларында иштей баштап, Сокулук районунун, Балыкчы… Кененирээк…

Нарын дарыясынын жээгин көрктөндүрүү иштери башталды

Нарын дарыясынын жээгинде эс алуучулар үчүн аллеянын курулушу башталды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, Нарын регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан Нарын дарыясынын түндүк жээгин көрктөндүрүү боюнча долбоордук-сметалык документ иштелип чыгып, бүгүнкү күндө курулуш… Кененирээк…