Мамлекет эки жылда ишкерлерге берген пайызсыз насыянын көлөмү айтылды

«Микро, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо» долбоорунун алкагында 6,8 миллиард сом пайызсыз насыя берилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти. Долбоор ишин баштаган 2022-жылдан бери дээрлик 10 миңге чукул ишкерге пайызсыз насыя берилген. 1 миллион сомго чейин 8,6 миң ишкерге берилген. Жалпы — 4,9 миллиард… Кененирээк…

Футбол боюнча Европа чемпионаты Германиянын чоң ийгилиги менен старт алды

Футбол боюнча Европа чемпионаты Германиянын чоң ийгилиги менен старт алды. Ачылыш беттешинде турнир ээлери өз талаасында Шотландия курамасы менен топ талашты. Оюн 5:1 ири эсеби менен жыйынтыкталды.   Голдорду Флориан Вирц, Джамал Мусиала, Кай Хаверц, Никлас Фюлькруг жана Эмре Джан киргизди. Шотландиянын эсебиндеги жалгыз голду… Кененирээк…

Кыргызстанда быйыл кызамык жуккан 11 миңге чукул учур катталды

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө жыл башынан тартып 3-июнга чейин кызамык (корь) жуккан 10 798 учур катталды. Министрлик соңку учурда оорунун жугуусу азая баштаганы менен абал дагы деле опурталдуу экенин эскертти. Учурда өлкөдө кызамыкка каршы кошумча эмдөөнүн жаңы этабы жүрүп жатканын билдирди. Ага ылайык,… Кененирээк…

Кытайдын ЖОЖдоруна Кыргызстандан абитуриент кабыл алуу башталды

Кытайдын жогорку окуу жайларында билим алууну каалаган кыргызстандык абитуриенттерден документ кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады. Кытайдын Синцзян-Уйгур автономдуу районунун (СУАР) Элдик өкмөтү 2024-2025-окуу жылына карата Кыргызстандын жарандары үчүн жогорку окуу жайларда бакалавриат, магистратура, докторантура программалары боюнча билим алууга 125… Кененирээк…

Бишкектеги Ала-Тоо аянтында өзгөчө фонтандар пайда болот

Бишкектеги Ала-Тоо аянтында өзгөчө фонтандар пайда болот. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Учурда фонтандарды реконструкциялоо иштери жүрүүдө.   Эскиздик долбоор боюнча аянтта музыканын коштоосундагы оргуштаган фонтандар курулат. Ошондой эле аянттагы брусчаткалар алынып, гранит таштар басылат. Муниципалитеттен кошумчалашкандай, аянттын айланасындагы имараттар ирээтке келтирилет.

Кыргызстан менен Греция дипкызматкерлери үчүн виза режимин жокко чыгарат

Президент Садыр Жапаров “2023-жылдын 21-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Грек Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” КР мыйзамына кол койду. Мыйзам 2024-жылдын 15-майында КР Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Мыйзамдын максаты 2023-жылдын 21-сентябрында… Кененирээк…

Бишкекте мыйзамсыз орнотулган объекттерди демонтаждоо иштери уланууда

Бишкекте мыйзамсыз орнотулган объекттерди демонтаждоо иштери уланууда.   Муниципалитеттен билдиришкендей, «Гурман» кафесинин уруксат берүүчү документтери жок жеңил типтеги кошумча курулушу демонтаждалды.   Мындан тышкары, «Ориентал» жана «ГлавПивТрест» кафелеринин кожоюндары жер тилкесине курулуш иштерин жүргүзүп, пайдалангандыгы үчүн акы төлөшкөн. Бишкек мэриясы жарандардан жерди пайдалануу жана курулуш… Кененирээк…

Кара-Сууда каралбай калган 15 гектардан ашуун жерге соцобъекттер курулат

Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жергиликтүү жашоочулардын кайрылууларына ылайык, Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылына барды.   Атайын кызматтан билдиришкендей, мындагы 11 га жер совет доорунда курулушчулардын лагери болуп, кийин каралбай калган. Ташиев жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирге… Кененирээк…