Эртең жана бүрсүгүнү Бишкектин айрым аймактарында газ өчөт

Ордо калаанын айрым аймактарында эки күнгө газ өчөт. “Бишкекгаз” кызматынын маалыматына ылайык, эртең жана бүрсүгүнү Сүйөркулов, Юнусалиев, Каралаев, Шопен көчөлөрүн бириктирген бөлүктө көгүлтүр от жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Ташкент-Тамчы аба каттамы жанданды

Өзбекстандын борбору Ташкент шаарынан Кыргызстандын Ысык-Көл облусундагы Тамчы аэропортуна учак каттамы жанданды. Тамчыга Ташкенттен 50 жүргүнчү учуп келгенин «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады.   Аба каттамы аптасына үч жолу: шейшемби, бейшемби жана жекшемби күндөрү жүргүзүлөт.   Ташкент-Тамчы багытында учуу убактысы эки саатты… Кененирээк…

Бишкектин борбордук бөлүгүндө мындан ары маршруткалар каттабайт

Бишкектин борбордук бөлүгүндө мындан ары маршруткалар каттабайт. Мэриядан эске салышкандай, буга чейин каттамга чыккан жалпы 1 миң 200дөн ашык кичи автобус шаардын четине чыгарылат.   Ага ылайык, транспорт башка көчөлөр менен каттай баштайт. Ал эми алардын ордун автобустар ээлейт.

Бишкекте боор алмаштыруу операциясы жасалган бейтаптардын абалы туруктуу

Бишкекте 15-июнга карата боор алмаштыруу операциясы жасалган бейтаптардын абалы туруктуу. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.   Дарыгерлердин маалыматына ылайык, жакшы жылыштар байкалууда, бейтаптарда өт бөлүп чыгаруу процесси иштей баштады. Бардык дары-дармектер жетиштүү.   Эске салсак, 10-11-июнда Кыргызстанда биринчи жолу боор алмаштыруу операциясы жасалды. Операция… Кененирээк…

Кара-Суунун Нариман айылында “Эл Аман” мамлекеттик дарыканасы ачылды

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Нариман айылында “Эл Аман” мамлекеттик дарыканасы ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.   Дарыкананын ачылуу аземине министр Адымкадыр Бейшеналиев катышты. Ал өз сөзүндө жыл аягына чейин мамлекеттик дарыканалардын жалпы саны 100гө жетерин айтып, калк сапаттуу жана жеткиликтүү дары менен камсыз… Кененирээк…

Кыргызстанда кызамыкка каршы эмдөөнүн жаңы этабы башталды

Кыргызстанда кызамыкка каршы кошумча эмдөө кампаниясынын жаңы этабы башталды. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, кампания 10-июндан тарта Талас жана Ысык-Көл облустарында башталган. 13-июнда Баткен жана Нарын облустарында кошумча эмдөө иштери башталды.   Акциянын үч күнүндө Ысык-Көл жана Талас облустарында 24 миң 991 бала эмдөөдөн өттү, бул… Кененирээк…

Тогуз коргоол боюнча Кыргызстандын чемпионаты өттү

Бишкек шаарында тогуз коргоол боюнча Кыргызстандын чемпионаты өттү. Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш 8-15-июнь күндөрү орун алып, ага республиканын бардык аймактарынан келген 100 ашык спортчу катышты.   Тогуз коргоол оюнун “стандарт” түрүнөн жеңишке жетишкен спортчулар Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышса, “рапид” түрүндө жеңүүчүлөр Дүйнө… Кененирээк…