Июлдан тарта пенсияга мөөнөтүнөн мурда чыгуу нормасы жоюлат

Июлдан тарта пенсияга мөөнөтүнөн мурда чыгуу нормасы жоюлат. Бул тууралуу Соцфонддун коомчулук менен иштөө башкармалыгынын жетекчиси Жеңишбек Мукамбетов билдирди.   Маалыматка ылайык, 1-июлдан тарта пенсияга мөөнөтүнөн мурда чыгуу нормасы жоюлат, бирок беш жыл иштегендерге пенсиянын базалык бөлүгү толук төлөнө баштайт. Кыргызстанда эркектер пенсияга 63 жаштан,… Кененирээк…

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жол долбоору боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жол долбоору боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Жогорку Кеңеш 19-июнда кабыл алган мыйзамга Садыр Жапаров кол койду.   Аталган темир жолдун каттамы Торугарт — Арпа — Кош-Дөбө — Макмал — Жалал-Абад аркылуу болуп,… Кененирээк…

Ош облусунда 81 миллион сомго бала бакча курулат

Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы бала бакча курууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында айтылат.   Тендердин жалпы суммасы 81 миллион 734 миң сомду түзөт. Бул акчага Өзгөн районунун Красный Маяк айылындагы эски мектептин аймагына 120 орундуу бала бакча куруу пландалууда. Ушул жана… Кененирээк…

ЖК репрессия курмандыктарын актоо долбоорун кабыл алды

Жогорку Кеңеш советтик репрессия курмандыктарын актоо боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды. Документ 1918-1953-жылдары саясий жана диний ишеними, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтукка алынгандарды реабилитация кылуу үчүн жазылган.   Эске салсак, 1937-38-жылдары күч алган репрессияда Кыргызстандан 20 миңден 40 миңге чейин адам… Кененирээк…

Баткенде селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда

Баткенде селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда. Novosti.kgге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен такташкандай, учурга карата 60тан ашык үй сел калдыктарынан тазаланды.   Жеринде 50дөй техника жана 600дөн ашык адам иштеп жатат. Алардын арасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери, жарандык коргоо кызматтары, айыл өкмөт өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар бар.… Кененирээк…

Кыргызстанда 100 миңден ашык ККМ машиналары колдонулуп жатат

Кыргызстанда катталган ККМ машиналардын саны 100 миң 32 бирдикке жетти. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, акыркы үч жылда катталган ККМдин саны 82,6 миң бирдикке көбөйгөн. 2021-жылы алардын саны 17,4 миңден ашса, 2022-жылы 36 миңге жеткен, ал эми 2023-жылы 65,4 миң бирдикти түзгөн.… Кененирээк…

Бишкектин айрым жерлеринде үч күн газ болбойт

Бишкектин айрым жерлеринде үч күн газ болбойт. “Бишкекгаз” кызматы билдиргендей, мунун себеби оңдоо иштери менен байланыштуу.   Ага ылайык, 1-3-июль күндөрү Бишкектин Куттубаев, Токомбаев, Айтиев, Жетикашкаева көчөлөрү менен чектелген аймагында газ берүү токтотулат. Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Бишкек жана Чүйдү газдаштырууга 6,54 млн сом насыя берилди

Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштырууга дээрлик 7 млн сом жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, 20-июнга карата каражат 47 каржылоо субъекттерине берилди. Кредиттөөнүн жалпы көлөмү 1 млрд сомду түзөт.   Жеңилдетилген насыя эки мамлекеттик банк аркылуу берилүүдө. Ушул жана… Кененирээк…

Европа-2024: Плей-офф баскычына өткөн курамалар белгилүү болду

Футбол боюнча Европа чемпионатынын тайпалык оюндары жыйынтыкталып, плей-офф баскычына жолдомо алган улуттук курама командалар аныкталды.   Плей-офф баскычында Швейцария – Италия, Германия – Дания, Англия – Словакия, Испания – Грузия, Франция – Бельгия, Португалия – Словения менен беттешет. Бул курамалардын ичинен Грузия быйыл Европа чемпионатында… Кененирээк…

Үрүмчүдө кыргыз-кытай соода-экономикалык кызматташуу борбору ачылды

Үрүмчү шаарында кыргыз-кытай (СУАР) соода-экономикалык кызматташуу борборунун кеңсеси ачылды. Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев катышты.   Аталган борбор Синлун индустриалдык паркынын аймагында жайгашкан жана 400 чарчы метрден ашык аянтты ээлейт. Борбордун негизги максаты эки тараптан тематикалык жолугушууларды,… Кененирээк…