Кыргызстанда социалдык коргоону санариптештирүү борбору түзүлдү

Кыргызстанда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдында “Социалдык коргоону санариптештирүү борбору” мамлекеттик мекемеси түзүлдү. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Борбор КР президентинин “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү өркүндөтүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыгын, Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн… Кененирээк…

Кийинки жумадан тарта ID картаны акысыз алмаштыруу боюнча акция башталат

Кийинки жумадан тарта ID картаны акысыз алмаштыруу боюнча акция башталат.   Санариптик өнүктүруү министрлигинен маалым болгондой, өнөктүк 31-августка чейин уланат. Анын алкагында AN сериясы менен 2004-жылкы үлгүдөгү паспортторду алмаштырса болот. Ал эми 2017-жылкы үлгүдөгү ID-карталарды алмаштыруунун кажети жок, — дешти министрликтен.   Ушул жана башка… Кененирээк…

Бишкекте бир катар көчөлөрдүн кесилиши жабылат

Бишкекте бир катар көчөлөрдүн кесилиши жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.   Маалыматка ылайык, эртеңден тарта Ахунбаев көчөсүнүн Малдыбаев көчөсү менен кесилиши, Байтик баатыр көчөсү менен Медеров көчөсүнүн кесилиши дагы оңдоо иштери үчүн жабылат.   Учурда капиталдык оңдоо жумуштары ордо калаанын Байтик баатыр, Ахунбаев жана Жибек-Жолу… Кененирээк…

Кыргызстанда балык жана этти кайра иштетүүчү заводдор курулат

Кыргызстанда балык жана этти кайра иштетүүчү заводдор курулат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, тиешелүү меморандумга Үрүмчүдө өткөн «Кsтай – Евразия ЭКСПО» эл аралык көргөзмөсүнүн алкагында кол коюлду. Ага ылайык, уй этин, бодо малдын кошумча… Кененирээк…

Бүгүн бүтүрүүчүлөргө аттестаттар тапшырылды

Бүгүн бүтүрүүчүлөргө мамлекеттик үлгүдөгү билими жөнүндө документтер тапшырылды. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, быйыл аттестаттар электрондук жана кагаз түрүндө да берилди.   Ошондой эле абитуриенттердин документтери Түндүк сервисинин базасында сакталат. Эгер бүтүрүүчү аттестатын же күбөлүгүн жоготуп алса, дубликатын порталдан чыгарып алса болот.   Эске салсак, быйыл… Кененирээк…

Бишкекте жолдорду капиталдык оңдоо иштери уланууда

Бишкектин Байтик баатыр көчөсүндө жолду капиталдык оңдоо иштери уланууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, Байтик баатыр көчөсүнүн Сүйөркулов көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүнө эки катмар асфальт-бетон төшөлүп, жол чийиндери чийилди. Учурда жол белгилери орнотулуп жатат.   Ахунбаев көчөсүнөн Медеров көчөсүнө чейин эки катмар асфальт-бетон төшөлүп, аялдама комплексин куруу… Кененирээк…

Бишкектен Астанага жаңы автобус каттамы жүрө баштады

Бишкектен Астана шаарына жаңы автобус каттамы жүрө баштады. Бул тууралуу “Кыргыз автобекети” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.   55 орундуу автобустар жуманын ар шейшемби күнү күндүзгү саат 12де Бишкектен жөнөп кетет, ал эми Астанадан кайра артка бейшемби күнү чыгат.   Билет баасы 2 миң 500 сомду түзөт.… Кененирээк…

Кыргызстандын Пакистандагы элчиси кызматтан бошотулду

Уланбек Тотуяев жүктөлгөн милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргызстандын Пакистан Ислам Республикасындагы элчиси кызматынан бошотулду.   Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгонун президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.