Абшыр-Атадан эки жүздөй киши коопсуз жерге чыгарылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) тараткан акыркы маалымат боюнча селдин кесепетинен Абшыр-Ата эс алуу жайынын жогорку тарабында калган 180 киши дарыядан өтүп, коопсуз жерге чыгарылды. ӨКМ куткаруу иштеринин видеосун жарыялады. Анда сууну кечип, аркан менен адамдар өтүп жатканын көрүүгө болот. УТРК телеканалы Абшыр-Атада медициналык пункт ачылганын… Кененирээк…

Сел жүргөн Ноокатка ӨКМдин тик учагы жөнөтүлдү

Селден жабыркаган Ноокат элинен кабар алууга жана куткаруу иштерине ӨКМдин тик учагы жөнөтүлдү.   ӨКМден билдиришкендей, ал кечээ жана бүгүн эртең менен аба ырайы бузулуп, ашуулардагы булуттардан улам уча албай турган. Эске салсак, кечээ Ноокатта сел жүрүп, районго өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Тилекке каршы, жети… Кененирээк…

Шенген визасы үчүн документтерди кабыл алуу июлда башталат

Венгриянын Кыргызстандагы элчилигинин маалыматына ылайык, 1-июлдан баштап Швецияга «С» категориясындагы кыска мөөнөттүү Шенген визасын алуу үчүн документтер кабыл алына баштайт.   Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.   Визалык документтер, Бишкектеги VFS Global визалык борбору аркылуу пландалган сапарга чейин кеминде 15 күн жана эң көп… Кененирээк…

Бир мандаттуу үч округ боюнча бүгүн тилкеден тышкаркы добуш берүү өтөт

Бир мандаттуу үч округ боюнча бүгүн тилкеден тышкаркы добуш берүү өтөт. Боршайкомдун маалыматына ылайык,  №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов округдарында мөөнөтүнөн мурда добуш берүүгө 993 арыз келип түшкөн.   БШКдан эске салышкандай, мөөнөтүнө чейин добуш берүү укугуна тилкеге ден-соолугунун абалы, жаш курагы боюнча… Кененирээк…

Бүгүн Орто-Токой ГЭСинин курулушу башталат

Бүгүн Орто-Токой ГЭСинин курулушу башталат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Ведомстводон такташкандай, долбоорлоо жумуштары аяктады.   Орто-Токой ГЭСин куруу боюнча келишим кытайлык компания менен түзүлгөн. Курулуш иштери 2 жылда аяктайт деп пландалууда.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Ноокатта селдин кесепеттерин жоюуга 600дөн ашык киши тартылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Оштун Ноокат районунда 28-июнда болгон селдин кесепеттерин жоюуга жалпы 637 адам тартылганын билдирди.   Мекеменин маалыматына ылайык, Ноокат районунун Кулатов айыл аймагынын Абшыр-Ата айылында селдин кесепеттерин жоюу жана издөө иштерине министрликтен 127 куткаруучу, райондук Жарандык коргонуу кызматтарынан 60 кызматкер, жергиликтүү тургундардан… Кененирээк…

Ноокаттагы сел 7 адамды агызганы белгилүү болду

 Ноокат районундагы Абшыр-Ата айылында сел жети адамды агызганын ӨКМ маалымдады. Билдирмеге ылайык, алар кырсык болгон учурда сайда тапчанда отурушкан. Беш адамдын сөөгү табылып, эки кишини издеп жатышат. Кырсык катталган айылда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары, ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын… Кененирээк…