Ош шаарынан Ысык-Көлгө дагы бир каттам ачылды

Оштон Ысык-Көлгө дагы бир каттам ачылды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти.   Маалыматка ылайык, жаңы рейс жумасына төрт жолу — дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби жана бейшемби күндөрү аткарылат.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.  

Ноокат районунун айылдарында электр жарыгы калыбына келтирилди

Ноокат районунун селден жабыркаган айылдарында электр энергиясы калыбына келтирилди. «Улуттук электр тармактары» ишканасын билдиргендей, энергетиктер 40тан ашык электр линиясын оңдоп беришти.   Учурда башка мамылардын жана жогорку чыңалуудагы линиялардын абалын текшерүү үчүн эл жашаган аймактарды кыдырып жатышат. Жеринде 40 электрик, ошондой эле 15 даана атайын… Кененирээк…

Бишкекте “Ак-Кула” ипподромун сатуу боюнча аукцион өтөт

Ушул жылдын 11-июлунда Ак-Кула ипподромунун мүлк комплексин сатуу боюнча Бишкекте аукцион өтөт. Муниципалитеттен билдиришкендей, “Ак-Кула” ипподромунун мүлк комплекси буга чейин электрондук аукционго коюлган.   Белгиленгендей, мүлк комплекси 46 лотко бөлүнгөн. 37 лоттук аукцион 11-июлда өткөрүлөт.   Муниципалитеттин алдында мүлк комплексинин аймагында мектептерди, бала бакчаларды, инженердик… Кененирээк…

Бишкекте митинг-пикеттерди чектеген чечимдин мөөнөтү дагы узартылды

Бишкекте митинг-пикеттерди чектеген чечимдин мөөнөтү дагы үч айга узартылды. Биринчи май районунун администрациясы билдиргендей, 30-сентябрга чейин борбордук аянтта жана айрым көчөлөрдө тынч жыйындарды өткөрүүгө болбойт.   Район администрациясынын тиешелүү өтүнүчүн райондук сот 1-июлда канааттандырган.   Ар кандай акция өткөрүүнү каалагандар Бишкектеги Максим Горький атындагы бакчага… Кененирээк…

Кытай бийлиги жол тыгындарын катуу жөнгө салууда

Кытай бийлиги жол тыгындарын катуу жөнгө салууда. Пекин жаңы унааларды каттоого чектөө киргизди. Ага ылайык, жылына бүт өлкө боюнча 240 миң гана унааны каттаса болот.   Кытайдын борборунда жаңы машинени каттоо негизи эле кыйын. Автоунаанын мамлекеттик номуру мураска калат. Ошондой эле ай сайын өткөрүлүүчү лотереяда… Кененирээк…

Мамлекеттик мектептердин директорлук ордуна сынак жарыяланды

Мамлекеттик мектептердин директорлук ордуна сынак жарыяланды. Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, талапкерлер бүгүнтөн тарта 15-июлга чейин өзүнүн жеке электрондук почтасы аркылуу облустук билим берүү башкармалыгына тиешелүү документтерин жана арызын жибере алат.   Белгилеп кетсек, бир мектепте 10 жылдан ашык убакыт жетекчилик кызматта иштеген адам… Кененирээк…

Чүйдөгү “Жунда” заводун модернизациялоого 160 млн доллар жумшалат

Чүйдөгү “Жунда” заводун модернизациялоого 160 млн доллар жумшалат. Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен маалым болгондой, каражатты инвестор берет.   Акча бензин, дизель жана суюлтулган газ өндүрүүчү мунайды кайра иштетүүчү заводду капиталдык оңдоо жана модернизациялоо долбоорун ишке ашырууга багытталат. Анын алкагында ишкананын техникалык абалы жакшырып,… Кененирээк…

Ноокатта селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда

Ноокатта селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда. Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, райондун Кулатов, Көк-Жар жана Исанов айыл аймактарында селдин кесепеттерин жоюу иштерине 5 экскаватор, 6 самосвал, 1 бульдозер жана жарандык коргонуу кызматтарынан 13 техника тартылып, иштер жүрүүдө.   Ошондой эле Кулатов айыл аймагынан 5 кызматкер, жергиликтүү тургундардан… Кененирээк…

Кыргызстанда жуманын аягына чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт

Кыргызстанда жуманын аягына чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.   2-июлдан 7-июлга чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.   Мындан улам, министрлик арыктарды тазалап, жээгин бекемдөөнү,… Кененирээк…

Кадамжай районунда жаңы мектеп курулууда

Кадамжай районунда жаңы мектеп курулууда. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, 375 орундуу объект Кара-Жыгач айылында жайгашкан.   Эки кабаттуу имаратта окуу үчүн бардык шарттар түзүлөт. Курулуш иштери 2022-жылы башталган мектепке каражат мамлекеттик казынадан бөлүнгөн.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.