Ноокатта издөө-куткаруу иштери аяктап, калыбына келтирүү жумуштары башталды

Ноокатта издөө-куткаруу иштери аяктап, калыбына келтирүү жумуштары башталды. Бул тууралуу Novosti.kgге президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Маалыматка ылайык, жеринде 660тан ашык кызматкер жана 60тан көп техника иштеп жатат. Селдин кесепеттерин жоюу Көк-Жар, Гулистан, Кулатов, Исанов айыл аймактарында жүрүүдө.   28-июнда Ош облусунун Ноокат районунда… Кененирээк…

Ноокаттын селден жабыркаган конуштарында электр энергиясы калыбына келтирилүүдө

Энергетиктер Ноокат районунун селден жабыркаган конуштарында электр энергиясын калыбына келтирүүдө.   Жалпысынан 55 тирөөч жабыркаган. Бүгүнкү күндө алардын 29у калыбына келтирилди.   Жеринде 40 электрик иштеп жатат, ошондой эле 15 даана атайын техника тартылган. Мындан тышкары компаниянын кызматкерлери үйлөрдү селден тазалоого жардам беришүүдө.   Ушул… Кененирээк…

Кара-Кулжада селге агып кеткен төртүнчү адамдын сөөгү табылды

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда машине менен чогуу селге агып кеткен төртүнчү адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.   30-июнь күнү Кара-Кулжанын Карагуз айыл аймагында катуу жамгыр жаап автоунааны сел агызып кеткен. Анын ичинде селге агып кеткен үч кишинин сөөгү дароо табылып, бирөө… Кененирээк…

Балыкчыга жаңы прокурор дайындалды

Курсантбек Каримов Балыкчы шаарынын прокурору болуп дайындалды. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтен маалым болду.   Каримов Курсантбек 1976-жылы Ош облусунун Кара-Суу районунда туулган. Эмгек жолун Чүй облусунун Сокулук районунун прокуратурасында баштап, Чүй жана Ош облустарынын прокуратураларында, Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун прокуратурасында, Талас облусунун прокуратурасында жана… Кененирээк…

Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүү коркунучу бар

Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүү коркунучу бар. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, мындай көрүнүш бүгүн жана эртең да уланат.   Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Мындан улам, жарандарга этият болуу сунушталат.

Ноокатта сел суулары жалпысынан 59 турак жайды каптаган

Ноокатта сел суулары жалпысынан 59 турак жайды каптап, үчөө жараксыз абалга келди. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтен маалым болду.   Маалыматка ылайык, үйлөр Гулистан, Исанов, Кулатов, Көк-Жар жана Жаңы-Ноокат айыл аймактарында жайгашкан. Учурда сел калдыктарын тазалоо иштери жүрүп жатат.   Эске салсак, 28-июнда Ош облусунун Ноокат… Кененирээк…

ӨКМ: Боом капчыгайында сел жүрүшү мүмкүн

Учурда Боом капчыгайында катуу жамгыр жаап жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   ӨКМден белгилешкендей, жаап жаткан жаанга байланыштуу сел жүрүп, таш кулоосу мүмкүн. Мындан улам, жарандарга сак болуу сунушталат.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Кыргызстандыктар кофени көп сатып ала башташты

Кыргызстандыктар кофени көп сатып ала башташты. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, алгачкы төрт айда өлкөгө дээрлик 115 тонна продукция жеткирилди. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 30 тоннадан көп.   Кофенин баасы да 688 миң доллардан 810 миңге чейин өскөн.   Негизги жеткирүүчү Россия болгон,… Кененирээк…

Кыргызстанда патент менен соода-сатык кылуу токтотулду

Бүгүнтөн тарта Кыргызстанда патент менен соода-сатык кылуу токтотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы эскертти.   Ага ылайык, патент менен иштеген ишкерлер салык салуунун башка режимдерине өттү.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Кыргызстанга 200 млн доллардан көп түз инвестиция келди

Ушул жылдын биринчи кварталында Кыргызстанга 200 млн доллардан көп түз инвестиция келди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен маалым болду.   Келген инвестициянын көлөмү былтыркы жылдын биринчи кварталындагы көрсөткүчкө караганда 17%га көбөйгөн.   Ошол эле маалда быйыл январь-февраль-март айларында Кыргызстандан 100 млн доллардан ашык түз инвестиция… Кененирээк…