Ноокатта селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда

Ноокатта селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, учурга карата жеринде 660тан ашык кызматкер жана 60тан көп техника иштеп жатат.   Көк-Жар, Гулистан, Кулатов, Исанов айыл аймактарында селдин кесепеттерин жоюу жана издөө иштерине, сел алып кеткен көпүрөнү калыбына келтирүүгө 170тен ашык куткаруучу, 14… Кененирээк…

Бишкекте курулуш компанияларына 100 миң сомдон ашык айып салынды

Бишкекте көрктөндүрүү эрежелерин сактабаган алты курулуш компаниясына 112 миң сом айып салынды. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.   Алсак, курулуш аянтчасынан шаардын көчөлөрүнө ылай алып чыккандыгы үчүн «Борсан Констракшн» ЖЧКсы жана «Авента Строй» ЖЧКсы айып пул төлөшөт. Маалыматка ылайык, дөңгөлөк жууй турган пункт орнотулганына карабастан, компаниянын… Кененирээк…

Өзгөндө 375 орундуу мектептин курулушу аяктады

Өзгөндө 375 орундуу мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, мектеп Чымбай айылында жайгашкан.   Курулушу 2022-жылы башталган объект республикалык бюджеттен каржыланган.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Бишкектин айрым жерлеринде үч күн газ болбойт

Бишкектин айрым жерлеринде үч күн газ болбойт. Бул тууралуу «Бишкекгаз» кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жер астындагы орто басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 3-5-июль күндөрү төмөнкү көчөлөр менен чектелген райондо жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт:   ЧЧК, Жогорку Ат-Башы каналы, Дачный тар көчөсү, Алма-Ата көчөсү,… Кененирээк…

Кыргызстанда дарыгерлердин айлыгы сентябрда 50 пайызга көтөрүлөт

Кыргызстанда дарыгерлердин айлыгы сентябрда 50 пайызга көтөрүлөт.   Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, медайымдардын маянасы 20 пайызга, кенже медициналык кызматкерлердин айлыгы 10 пайыз жогорулайт.   Буга чейин саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, 1-июлдан тарта айрым категориядагы дарыгерлерге 20 миң сомдук үстөк акы… Кененирээк…

Селден жабыркагандарга казак элинен гуманитардык жардам келди

Селден жабыркагандарга казак элинен гуманитардык жардам келди.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 2,7 тонналык жардамдын курамы турмуш-тиричиликке керектелүүчү буюмдар жана азык-түлүктөн турат.   Эске салсак, 28-июнда Ноокат районунда сел жүргөн. Абшыр-Ата капчыгайында жолду сел алып, 1 миң 300 адам эвакуацияланган. Аймакта өзгөчө кырдаал жарыяланды.  … Кененирээк…

Сел алып кеткен Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол жолу унаа каттамдары үчүн ачык

Сел алып кеткен Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол жолу унаа каттамдары үчүн ачык.   Жергиликтүү бийликтен кабарлашкандай, нөшөрлөгөн жаандан улам кокту-колоттон чогулган кыян суулары сайга топтолуп, Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолунун 35-36-чакырымындагы убактылуу жолдун бетон шакекчелерин агызып, жолду жараксыз абалга алып келген.  … Кененирээк…

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда сел жүрүп,  4 адамды агызып кетти

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда сел жүрүп,  4 адамды агызып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.  Селге агып кеткендердин үчөөнүн сөөгү табылды.   Бир адам дале изделип жатканы маалымдалды. Табигый кырсык кечээ Кара-Кулжа районунун Кара-Гуз айыл аймагында катуу жааган жаандан кийин катталды.

Бүгүн Бишкекте кечке чейин шамал болот

Бүгүн Бишкекте кечке чейин шамал болот. Синоптиктердин маалыматына ылайык, шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.   Кырсыктарды алдын алуу максатында жарандар бак-дарактардын жана жеңил конструкциялардын алдына турбай, унааларын ачык аянттарга гана токтотушу керек.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунда балдардын ден соолугун чыңдоо борбору ачылды

Ысык-Көл облусунда балдардын ден соолугун чыңдоо борбору ачылды.  Салаламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, ал Бактуу-Долоноту айылында жайгашкан.   Борбор 5 гектар аянтты ээлеп, балдардын активдүү жана сапаттуу эс алуусу үчүн шарттарды сунуштайт.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.