Өлкөдө доллар курсунун солгундоосу уланууда

Өлкөдө доллар курсунун солгундоосу уланууда. Улуттук банк бүгүн америкалык валютанын расмий кунун 86 сом 12 тыйын деп бекитти. Бир суткада төмөндөө дээрлик чейрек пайызга жетти.   Евро дагы арзандап жатат, учурда ал 92 сом 23 тыйын турат, рубль – 98 тыйын, тенге 18 тыйын.

Кыргызстанга автогаз жеткирилип баштады, тартыштык жоюлат

Кыргызстанга автогаз жеткирилип баштады, тартыштык жоюлат.   Бул тууралуу Мунай ташуучулар ассоациациясынын жетекчиси Канат Эшатов билдирди. Анын айтымында, Россиядан вагондордун алгачкы партиясы түндө келди.   Эске салсак, аталган өлкөнүн темир жол цистерналары жетишсиз болуп жаткандыктан, газ жеткирүүдө кыйынчылыктар жаралган. Бул өз кезегинде Кыргызстанда автогаздын дефицитин… Кененирээк…

Аймактарда селдин кесепеттерин жоюу иштери кызуу жүрүүдө

Аймактарда селдин кесепеттерин жоюу иштери кызуу жүрүүдө.   Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, нөшөрлөп жааган жаандан кийин сел каптаган Ноокат, Кара-Кулжа, Өзгөн, Кара-Суу жана башка бир катар райондордо жолдорду калыбына келтирүү, тазалоо иштери уланууда.   Учурга карата бардык жолдор унаа кыймылы үчүн ачык. Белгилеп кетсек,… Кененирээк…

Октябрда өлкөдөгү пенсиянын орточо өлчөмү 10 миң 547 сомду түзөт

Октябрда өлкөдөгү пенсиянын орточо өлчөмү 10 миң 547 сомду түзөт.   Бул тууралуу министрлер кабинетинин “1-октябрдан тарта пенсиянын индексациясы жөнүндө” токтомунда айтылат. Документ коомдук талкууга чыгарылды.   Анда Кыргызстанда пенсия жашоо минимумунан төмөн болбошу керектиги жазылган. Эске салсак, 1-июлдан тарта пенсиянын базалык бөлүгү жогоруласа, октябрда… Кененирээк…

Кыргызстанга Швейцариянын тышкы иштер министри келди

Швейцария Конфедерациясынын Тышкы иштер федералдык департаментинин башчысы Иньяцио Кассис Кыргызстанга расмий сапар менен учуп келди. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлады.   Кассис 3-июлга караган түнү «Ысык-Көл» эл аралык аэропортуна келип конду. Сапардын алкагында ал кыргызстандык кесиптеши, министр Жээнбек Кулубаевге жолугуп, кыргыз-швейцария кызматташтыгын… Кененирээк…

Европа чемпионатынын чейрек финалынын бардык жуптары аныкталды

Европа чемпионатынын чейрек финалынын бардык жуптары аныкталды. Кечээ Нидерланды курамасы Румынияны 3:0 эсебинде утуп алса, Түркия футболчулары Австрия командасын үйүнө жөнөттү.   Муну менен чейрек финалда Испания – Германия, Англия – Швейцария, Португалия – Франция жана Нидерланды – Түркия курамаларынын беттеши болот. 8 командадан жарым… Кененирээк…

Күрпсай суу сактагычында 50 миллион сомго аквамаданият борбору түзүлөт

Күрпсай суу сактагычында 50 миллион сомго аквамаданият борбору түзүлөт.   Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Долбоор мамлекеттик – жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке ашып, каражатты түштүк кореялык компания бөлүп берет.   Борбордо балыктын алгачкы диагностикасын өткөрүүчү лаборатория ачылат.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк… Кененирээк…

Бишкек – Ош унаа жолундагы Сосновка жана Кара-Көл өткөрүү түйүндөрүнөн өтүүдө төлөмдү QR-код аркылуу төлөсө болот

Бишкек – Ош унаа жолундагы Сосновка жана Кара-Көл өткөрүү түйүндөрүнөн өтүүдө төлөмдү QR-код аркылуу төлөсө болот. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, учурда система тесттик режимде иштеп жатат.   Жарандарга ал жакын арада жеткиликтүү болот. Жаңычылдык мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга, адам факторун жоюуга жана коррупциялык учурларды… Кененирээк…

Кыргызстанда 2 айда селден 170 миллион сомго зыян келтирилди

  Кыргызстанда 2 айда селден 170 миллион сомго зыян келтирилди.   Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигин өкүлү Кубаныч Темирбек уулу билдирди. Ал белгилегендей, материалдык зыянды эсептөө уланууда.   Сел үйлөрдү, социалдык объектилерди жана жолдорду жууп кетти. Жалпысынан 20-апрелден тарта республика аймагында 250дөн ашык сел жүрдү.… Кененирээк…