Бишкекте эски көрнөк-жарнактарды демонтаждоо иштери уланууда
Бишкекте эски көрнөк-жарнактарды демонтаждоо иштери уланууда. Мэриянын маалыматына караганда, учурда Жукеев-Пудовкин жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде иш жүрүп жатат. Жалпысынан бүгүнкү күндө 100 конструкция алынды. Мэрия ишкерлерди өз ыктыяры менен көрнөк-жарнактарды демонтаж кылууга чакырат. Эскирген металл конструкцияларды заманбап экрандарга алмаштыруу Бишкекке эстетикалык көрк берери белгиленген.… Кененирээк…