Бишкекте №145 автобустун жана №192 маршрутканын кыймылынын айрым бөлүгү өзгөрдү.
Мындан ары, №145 автобус Ахунбаев көчөсү аркылуу Молдокулов көчөсүнө бурулуп, Куланак көчөсүнө чейин барат. Ал эми №192 маршрутканын кыймылы Ибраимов көчөсүнөн “Бишкек автобекетине” чейин узарды.
Мындай чечим шаар тургундарынын кайрылууларынын негизинде кабыл алынган.