Кыргызстанда жайкы туристтик сезон расмий түрдө 7-8-июнда ачылат

Кыргызстанда жайкы туристтик сезон расмий түрдө 7-8-июнда ачылат. Бул тууралуу 24 агенттигине Туризм департаментинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, ички туризмди жана инфраструктураны өнүктүрүү максатында Ысык-Көлдө форум уюштурулат.

 

Белгиленгендей, жайкы туристтик сезондо аткарылышы керек болгон иш планы мамлекеттик органдар менен макулдашылды.