АКШнын айрым шаарларына коменданттык саат киргизилди

АКШда афроамерикалык Жордж Флойддун өлүмүнө байланыштуу ири башаламандыктардан

улам айрым шаарларга коменданттык саат киргизилди. Бул тууралуу BBC билдирет.

Бирок нааразычылык акциясына чыккандар коменданттык сааттын

талаптарын аткарбай жатат. Башаламандыкта дүкөндөр тонолуп, унаалар өрттөлүп, имараттар талкаланды.

Демонстрация АКШнын 30 шаарында, анын ичинде Лос-Анджелес,

Нью-Йорк, Вашингтон, Чикаго жана башка жерлерде болду. Тынч башталган нааразычылык

акциялары кийин полиция менен кагылышууларга алып келди. Эл тартип сакчыларынын

унаасын өрттөп, полиция көздөн жаш агызуучу газ менен желим окторду колдонду.