Баткенден Кытайга өрүк экспорттолот

Кыргызстан Кытайга ири көлөмдө өрүк экспорттойт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты.

Министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев, Кытайдын компаниясынын (Tianhuan ECO International Economy & Trade Nanjing Co. Ltd) башкы директору Чу Цюши жана «Агро Баткен» ЖЧКсынын башкы директору Ж. Шакировдун жолугушуусу өттү.

 

Анда Кыргызстандан Кытайга дарбыз, бакча жемиштерин экспорттоо боюнча кызматташуунун келечеги жана мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Тараптар экспорттун көлөмүн көбөйтүү жана кыргыз-кытай ишканаларынын бизнес байланыштарын бекемдөө боюнча кадамдарды талкуулашты. Ошондой эле товарды сыртка чыгаруудп эл аралык стандарттарды сактоо маселелерине көңүл бурулду.

 

Жолугушуунун жыйынтыгында кытайлык компания менен «Агро Баткен» компаниясынын ортосунда Кытайга ири көлөмдө өрүк жеткирүү боюнча келишимге кол коюлду. Министрлик канча көлөмдө өрүк экспорттолорун тактаган жок.