Бишкекте №145 автобустун жана №192 маршрутканын кыймылы өзгөрдү

Бишкекте №145 автобустун жана №192 маршрутканын кыймылынын айрым бөлүгү өзгөрдү.

 

Мындан ары, №145 автобус Ахунбаев көчөсү аркылуу Молдокулов көчөсүнө бурулуп, Куланак көчөсүнө чейин барат. Ал эми №192 маршрутканын кыймылы Ибраимов көчөсүнөн “Бишкек автобекетине” чейин узарды.

 

Мындай чечим шаар тургундарынын кайрылууларынын негизинде кабыл алынган.