Кыргызстанда калктын аялуу катмарына социалдык талондор берилет

Кыргызстанда калктын аялуу катмарына социалдык талондор берилет.

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.

Талондор аз камсыз болгондор, пенсионерлер, инвалиддер жана социалдык камсыздандырууда каттоодо турган жарандар үчүн берилет.

Ал аркылуу чач тарачтарда, мончо жана кир жуучу жайларда акысыз кызматтарды колдонсо болот.