Боршайком парламенттик шайлоого катышууга талапкерлердин тизмесин каттоону токтотту

Боршайком парламенттик шайлоого катышууга талапкерлердин тизмесин каттоону токтотту.

Жогорку Кеңешке орундар үчүн 15 партия ат салышат. Бүгүн шайлоого карата үгүт иштери старт алды.

Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, саясий партиялардын үгүт кампаниясы 2-октябрда токтотулат.

3-октябрда “тынчтык күнү” болот.  Эске салсак, өлкөдө парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленди.