Дүйнөдөгү эң көп турист барган мамлекеттер аталды

Былтыркы жылдын жыйынтыгы менен дүйнөдөгү эң көп турист барган мамлекеттер аталды. Рейтинг Бүткүл дүйнөлүк туристтик уюм тарабынан түзүлгөн.

 

Тизмеде биринчи орунду Франция алды. Жыл ичинде ага 100 миллионго жакын чет элдик келген. Экинчи орунда 85 миллион менен Испания турат. Алдыңкы үчтүктү АКШ толуктайт, былтыр Кошмо Штаттарга 66 миллион адам барган.

 

Италия менен Түркия да алдыңкы бештикке кирди.