Евро чемпионатынын жарым чейрек финалынын алгачкы жуптары аныкталды

Евро чемпионатынын жарым чейрек финалынын алгачкы жуптары аныкталды. 5-июлда кечки саат 10до жарым финалга чыгуу укугуна Испания – Германия курамалары күч сынашат.

 

6-июлда Англия – Швейцария курамалары оюн талаасына чыгат. Кийинки турга өтүү үчүн Испания командасы грузиялык футболчуларды   4:1 эсебинде талкалады, Германия курамасы даниялык футболчуларды үйүнө кетирди.  Англия футболчулары түндө Словакиядан жеңишти соңку мүнөттөрдө тартып алса, Швейцария буга чейин Италия курамасын турнирден чыгарды.

 

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.