Улуттук банк бир айдын ичинде валюта рыногунан дээрлик 100 миллион доллар сатып алды

Улуттук банк бир айдын ичинде валюта рыногунан дээрлик 100 миллион доллар сатып алды. Өлкөнүн башкы каржы мекемеси валютанын курсун жөндөө үчүн интервенцияларды өткөрүп келет.

 

23-апрелден 22-майга чейин доллардын орточо сатуу курсу 90 тыйынга төмөндөп, 89,66дан 88 сом 76 тыйынга чейин төмөндөгөн.

 

Эске салсак, ушул жылдын башынан бери Улуттук банк эки жолу доллар сатып, жети жолу чет элдик валютаны сатып алган.