Франция футболчулары курамасына чейрек финалга жолдомо камсыздашты. Кечээ жарым чейрек финалдын алкагында Дидье Дешамдын тарбиялануучулары Бельгия курамасы менен кез келди.
85-мүнөттө Коло Муани тепкен топ Бельгиянын жарым коргоочусу Ян Вертонгенге тийип, дарбазага кирип кетти. Жыйынтыгында, бул автогол Францияга жеңиш алып келди. Оюн эсеби 1:0. Эми чейрек финалда Франция Португалия курамасы менен топ талашат.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.