Хорватия курамасынын капитаны Лука Модрич Италияга каршы беттеште эң мыкты оюнчу деп аталды

 

Хорватия курамасынын капитаны Лука Модрич Италияга каршы беттеште эң мыкты оюнчу деп аталды.

 

Евро-2024 турниринин алкагында ал 80 мүнөт оюн талаасында болуп, бир гол киргизди.

 

Ошондой эле ал 47 таамай пас берип, жалпысынан 8,5 чакырым чуркап өткөн. Муну менен Модрич Европа чемпионаттарынын тарыхында 38 жашында гол киргизген эң улуу футболчу болуп калды. Кошумчалап кетсек, Хорватия – Италия беттеги 1:1 эсебинде жыйынтыкталды.