Инвестор-миллиардер Уоррен Баффет менен тамактануу мүмкүнчүлүгү быйыл рекорддук 19 миллион долларга сатылды. Белгилеп кетсек, мындай аукцион 2000-жылдан бери өткөрүлүп келет, бул убакыт аралыгында 53 миллион доллар чогулган.
Түшкөн киреше толугу менен кайрымдуулукка жумшалат. Баффет – дүйнөнүн эң бай адамдарынын катарына кирип, америкалык ишкерлер үчүн кумир болуп эсептелет. Андыктан, аны менен тамактанып, кеп-кеңеш алууну каалагандар акчасын аябайт.