Кыргызстандыктар унаа сатып алуу үчүн жеңилдетилген насыя ала алышат

Кыргызстандыктар ата мекендик автоунааларды сатып алуу үчүн жеңилдетилген насыя ала алышат. Министрлер кабинети тиешелүү долбоорду бекитти.

 

Аны ишке ашырууга эки банк катышат. Алардын ар бирине насыя берүүгө уставдык капиталды көбөйтүү үчүн 47 миллион сомдон бөлүнөт.

 

Мамлекеттик органдар, юридикалык жактар ​​жана жеке ишкерлер 5 жылга 100 миллион сомго чейин, ал эми жеке жактар ​​3 миллион сомго чейин каражат ала алышат. Жеңилдетилген насыянын жылдык үстөгү 8 пайызды түзөт.

 

Өкмөт жакын арада өлкөдө кыргыз-өзбек унаа заводу иштей баштарын эске салды.