Ош облусундагы Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолу сел калдыктарынан тазаланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 16-майда кечки саат 21:00 чамасында аталган жолдун 56-58-чакырым аралыктарында сел жүргөн.
Министрликтин Алай району боюнча бөлүмү жолду тазалоо ишине тартылган. Табигый кырсыктан жабыркагандар жок.